Күнүнө 35-40 өрт кырсыгы катталууда. ӨКМ элди этият болууга чакырды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүТушение травы возле поселка Панковка Новгородской области
Тушение травы возле поселка Панковка Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде чукул кырдаал жаралса 112 жана 101 номерине чалуу зарыл.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Күн катуу ысып жатканына байланыштуу Кыргызстанда суткасына 35-40 өрт кырсыгы катталууда. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги элди этият болууга чакырды.

Токойдогу өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ кургак чөп менен таштандылар көп өрттөнүп жатканын эскертти
Министрлик Facebook баракчасына эскертүү иретиндеги видео таратты. Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Азиз Байшекеевдин айтымында, күндүн кескин ысыганына байланыштуу өлкөдө өрт кырсыктары көбөйүүдө. Ачык аянтта күйгөн кургак чөптөр катталган тилсиз жоонун 80-85 пайызын түзөт.

Бейшекеев эс алуучу жайларда, ачык аянттарда от жагуудан алыс болуп, балдарга ширенке карматпоо жана таштандыларды туура эмес жерге таштабоону эскертти.

ӨКМ андан сырткары, эгерде чукул кырдаал жаралса 112 жана 101 номерине чалууну суранат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0