Биринчи Май райондук акимиаты 95 жаштагы ардагердин үйүн оңдоп бермей болду

© пресс-служба мэрии города БишкекПоздравление ветерана ВОВ Поломошнова Петра в Бишкеке
Поздравление ветерана ВОВ Поломошнова Петра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ардагердин үйүнүн чатырын 10 күндүн ичинде алмаштырып берүүнү убадалашты.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкекте жашаган Улуу Ата мекендик согуштун ардагери Петр Поломошнов 95 жаш курагын белгилеп жатат. Биринчи Май районунун акими Алибек Биримкулов менен Куралдуу күчтөрдүн жана согуш ардагерлеринин райондук кеңешинин төрагасы Маркиль Ибраев ардагерди үйүнө барып куттукташты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ардагерге 30 миң сом тапшырылып, андан тышкары үйүнүн чатырын алмаштырууга курулуш каражаттары берилди. 10 күндүн ичинде Жергиликтүү аймактык башкармалык үйдүн чатырын оңдоп берүүнү убадалашты. Каражат райондук бюджеттен бөлүнөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0