Бишкек мэриясы шаардыктарга 500 миң сомго чейин грант берет. Шарт-талабы

Жазылуу
Гранттар шаардык бюджеттен бериле турганын айтышууда.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы үйлөрдү жана райондорду көрктөндүрүү үчүн шаардыктарга шыктандыруучу гранттарды берет. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Калаанын төрт райондук администрациясында комиссия түзүлүп, акча алуу үчүн берилген табыштамаларды карап чыгат.

Toyota Camry автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баш байге — Toyota Camry 50. Мэрия "Жаркын Бишкек" сынагын жарыялады
Сынакка калаа тургундары, турак жай ээлеринин шериктиги (ТСЖ), башка турак жай кооперативдери, аймактык муниципалдык башкармалыктар, борборду өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен иштеген мекемелер, инфраструктураны калыбына келтирүү жана турак жай фондулары катыша алат.

Грантты алган тарап турак-жайын, чатырын, жылуулук системаларын оңдоп, короосун жана башка жайларды көрктөндүрүшү шарт.

Бирок бир шарты бар, грант алууга келген тарапка комиссия ал сумманын жарымын төлөөгө чамасы жете турганына ынанышы керек. Андан кийин алар 500 миң сомго чейин берүүгө макул болушат. Гранттар шаардык бюджеттен берилет.

Кошумча маалыматты бул жактан ала аласыз:

  • Ленин райондук акимиаты. Дареги: Чүй проспектиси №315, телефон — 0 (312) 65-68-78;
  • Октябрь райондук акимиаты. Дареги: Байтик баатыр көчөсү №17, телефон — 0 (312) 57 – 69 – 71;
  • Биринчи Май райондук акимиаты. Дареги: Жибек-Жолу проспекти №348, телефон — 0 (312) 66-15-37;
  • Свердлов райондук акимиаты. Дареги: Чуй проспекти №28, телефон — 0 (312) 36-07-07, 36-01-93.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0