Байге фонду 4,5 миллион сом! Бишкекте кайрымдуулук жарышы өтөт

Жазылуу
Мелдешке каттоо 8-сентябрга чейин жүргүзүлөрү, эгер катышуучулардын саны 5000 адамга жетсе, ал эрте жабылары айтылат.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Борбор калаада 15-сентябрь күнү алгачкы ирет "Ак илбирсти сактайлы" урааны менен эл аралык кайрымдуулук жарышы өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

"Аталган иш-чара ак илбирсти сактоого көңүл буруу, дени сак жашоону жайылтуу, калкты спорт менен машыгууга тартуу, массалык спортту өнүктүрүү, ийгиликке жетүүгө түрткү берүү максатында өткөрүлөт", — деп билдиришти аталган агенттиктен.

Маалыматта эл аралык жарыштын катышуучуларынын старттык төлөмдөрүнүн бир бөлүгү ак илбирсти жана анын экологиялык системасын сактоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) жөнөтүлөрү айтылат.

Чуркоонун каттамы Бишкек шаарынын башкы көчөлөрүндө өтөрү жана катышуучулар борбордун тарыхый-маданий эстеликтерин, имараттарын көрүүгө мүмкүнчүлүк болору белгиленген.

Ночной забег Toyboss Night Run в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кечинде жамгырга карабай чуркашты. 1300 адам катышкан мелдештин сүрөттөрү
Жарыштын алкагында бир чакырым, 14 чакырым жана 21,1 чакырымдар каралган.  Ага жаш балдар, аялдар, эркектер, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катыша алат.  Жарыштын байге фондусу 4 500 000 сомду түзөт.

Эл аралык жарышка каттоо 8-сентябрга чейин жүргүзүлөрү, эгер 5000 адам эрте толсо, каттоо эрте жабылары айтылат.

Мелдеш Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен өткөрүлөт. Уюштуруучулар Nomad Sport компаниясы, ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобал программа (GSLEP) .

Кененирээк маалыматы шилтеме аркылуу алууга болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0