Инфаркт жана инсульттун алгачкы белгилери кандай болору аныкталды

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүБейтап. Архив
Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер 2007-2016-жылдар аралыгында 1,3 миллион кишинин кан басымын көзөмөлдөп турган.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кан басымдын өтө жогорулап, максималдык көрсөткүчкө чыгышы же,  тескерисинче, түшүп кетиши адамдын жакында инсультка кабыларынан же жүрөгүнүн токтоп каларынан кабар берет. Бир нече жылга созулган изилдөөлөрдөн кийин АКШлык окумуштуулар мындай бүтүмгө келгенин EurekAlert басылмасы жазды.

Адистер 2007-2016-жылдар аралыгында 1,3 миллион кишинин кан басымын көзөмөлдөп турган.

"Жыйынтыгында өтө жогорулап кеткен  жана түшүп кеткен учурлар кан айлануу системасынын ишин олуттуу үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн экени аныкталды", — деп жазылат макалада.

Адистердин тыянагында, көтөрүлүп кеткен кан басым организмге көбүрөөк терс таасир этип, адамды бушайман кылат. Бирок инфаркт жана инсульт илдеттеринин пайда болушуна төмөндөгөн кан басымы дагы себеп болору айтылды. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0