Кол кармаша, асманды карап каткырган кыргыз-корей премьерлери. Фотофакт

Жазылуу
Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Түштүк Кореянын премьер-министри  Ли Нак Ён "Ала-Арча" жаратылыш паркында болушту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Эки мамлекеттин өкмөт башчылары "Дилгир" элдик фольклордун ансамблинин өнөрүнө ортоктош болуп, аңчылар менен мергенчилердин атайын программасын көрүшкөн. Андан соң капчыгайды кыдырып, Түштүк Кореядан келген турист-альпинисттер менен жолукту.

Эске салсак, Ли Нак Ён Кыргызстанга үч күндүн расмий сапары менен келген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0