17:41 19 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Аптап учурунда көчөдө бараткан кыздар. Архив

Дем алыш күндөрү мээ кайнаткан ысыктан сак болгула! Мэрия тургундарга кайрылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
439 0 0

Шаар тургундары менен коноктор саат 10.00дөн 19.00гө чейин калаанын борборундагы фонтандардын салкын илебине келсе болот.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Дем алыш күндөрү аба ырайы ысык болору айтылгандыктан, Бишкек мэриясы өсүмдүктөрдү сугаруу жана көчөлөргө суу чачуу иштерин күчөтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

"Бул күндөрү шаардагы өсүмдүктөр көбүрөөк сугарылат. Мэриянын бул талабын аткарбаган ишканалардын жетекчилери жоопкерчиликке тартылат. Ал эми "Тазалык" ишканасы көчөлөрдү көбүрөөк жууйт", — деп айтылат билдирүүдө.

Сурамжылоо

Ысыктан улам Кыргызстанда иш күндү кыскартуу керекпи?
  • Албетте. Мындай ысыкта иштей албайсың
    71.7% (169)
  • Азырынча эрте. Күндүн табы 40 градустан аша элек
    11.4% (27)
  • Жумушту кантип таштайбыз. Иште кондиционер бар
    12.7% (30)
  • Мага баары бир. Мен эс алуудамын!
    4.2% (10)
Добуш бергендер: 235
Көчө жууган 20дай автоунаа күнү-түнү иштейт. Мисалы, күндүзү саат 13.00дөн иштей баштаса, түнкүсүн саат 2.00дөн эртең менен 8.00гө чейин көчө жуушат.

Шаар тургундары менен коноктор саат 10.00дөн 19.00гө чейин калаанын борборундагы фонтандардын салкын илебине келсе болот. Ал эми "Ала-Тоо" аянты менен Тарых музейинин алдындагы фонтандар 21.00гө чейин иштейт.

Шаар мэриясы бул күндөрү тургундарды ачык асман алдында көп жүрүп, ден соолугуна залака тийгизип алуудан оолак болууга чакырат. 

Тема боюнча

Жайдын акыркы айы кандай болот? Августка карата аба ырайы
Белгилер:
фонтан, аба ырайы, Бишкек мэриясы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ