Бишкекте суу менен аткан техникалардын турушу боюнча ИИМ түшүндүрмө берди. Видео

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүПушка-водомет бронированного спецавтомобиля
Пушка-водомет бронированного спецавтомобиля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым интернет колдонуучулар жол жээгинде токтоп турган автоунааларды экс-президенттин айланасындагы окуялар менен байланыштырышууда.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бишкектин болжол менен Кызыл-Аскер аймагында жол жээгинде токтоп турган суу менен атуучу эки автоунаанын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Видеону жүктөгөн автор "Учурдагы бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге "сюрприз" жасап жаткан жокпу?" деген суроо салган.

ИИМ суу менен атуучу автоунаалар эмне үчүн көчөдө турганын түшүндүрдү.

"Алар суу толтуруу үчүн гана чыгып, кайта ордуна кайтып келди. Бул күн сайын боло турчу машыгуу", — деп ИИМден билдиришти.

18-июлда Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева күч органдары Атамбаевди күч менен алып кетүүгө аракеттерди көрүп жатканын билдирген болчу. Себеби, 18-июлда түштөн кийин ИИМ Атамбаевге келип сурак бериши үчүн үчүнчү ирет чакырган билдирүү жөнөткөн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев мүмкүнчүлүк болсо чет жакка чыгып келүүгө даяр экенин билдирди
Кийин ИИМ Жолдубаеванын жарыялагандарын төгүндөп, эч кандай күч колдонуу болбой турганын билдирген

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөөсү негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0