Паспортко жетпеген Сүйөркул: Калкты тейлөө борбору топтой тээп чарчатты

© Sputnik / Табылды КадырбековПроблемы с заменой паспорта у кыргызстанца Суйоркула Досова
Проблемы с заменой паспорта у кыргызстанца Суйоркула Досова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйөркул Досов Калкты тейлөө борборлорунун эшигин кага берип таманы тешилгенин айтат. Ал Москвадагы жумушунан эмгек өргүү алып, мөөнөтү бүткөн паспортун алмаштыруу үчүн Бишкекке келген. Бирок кызматкердин 10 жыл мурдагы катасынан улам үч айдан бери паспорт ала албай убара болууда.

Москвадан келген мигрантты футбол тобун тепкендей кылып Бишкектен Лейлекке жиберсе, ал жактан Ош шаарына жөнөткөн. Ошто да иши оңунан чыкпай Кадамжайга барат. Айланып отуруп кайра эле Бишкекке келип такалган. Досов Калкты тейлөө борборунун кызматкерлеринин бири да жол-жобосун так түшүндүрбөй, кош көңүл мамиле кылып жатканына нааразычылыгын билдирди.

2008-жылы Сүйөркул Досовго Баткендин Лейлек районунун Калкты тейлөө борбору башка бирөөнүн сүрөтү менен паспорт берип коюп, кайра алмаштырышкан. Бирок анда 10 жылдан кийин маселе жараларын эч ким билген эмес. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСүйөркул Досов Калкты тейлөө борборлорунун эшигин кага берип таманы тешилгенин айтат
Паспортко жетпеген Сүйөркул: Калкты тейлөө борбору топтой тээп чарчатты - Sputnik Кыргызстан
Сүйөркул Досов Калкты тейлөө борборлорунун эшигин кага берип таманы тешилгенин айтат

"Паспортту айылдагы мугалимибиз аркылуу алгам. 2008-жылы октябрда Бишкекте иштеп жүрсөм, паспортту үйгө иниме таштап кетиптир. Ал карабай эле катып койгон. Мен алты айдан кийин барып карасам башка бирөөнүн сүрөтү турат. Анан Лейлек районунун Калкты тейлөө борборуна арыз жазып, паспортту тапшырып, өзүмдүн сүрөтүм менен алгам", — деди Досов.

Кыргызстандын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баланы чет өлкөгө чыгаруу үчүн паспортту кантип алуу керек? 9 суроого жооп
Башында ага паспортту Лейлектен Миркамил Малайев аттуу кызматкер берип, кийин Азамат Анаркулов алмаштырып берген экен. 2010-жылы Досов Москвага кетип эч тоскоолдуксуз эле колдонуп жүргөн.

"Быйыл паспорттун мөөнөтү бүткөндүктөн бир айга эмгек өргүү алып Бишкекке келдим. 12-апрелде Ленин райондук Калкты тейлөө борборуна барсам, башында берилген паспорттогу кишинин сүрөтү чыгып жатпайбы. Көрсө, ошондо сүрөт алмаштырылганын маалыматтык базага киргизбей коюшкан экен. Анан бул жактан чечилбей Лейлекке жиберишти", — деди мигрант.

Досовдун маселеси Лейлекке баруу менен эле чечилип калган эмес. Андан ары дагы көп жакка барып мукураганын билдирди.

"Лейлектен эки ирет толтурган "№1 форма" деп аталган документтерди таап карасак, экөөндө тең менин сүрөтүм турат. Бирөөнүн артына мурдагы сүрөттү жабыштырып коюшуптур. Анан райондук борбордун жетекчиси "муну Бишкектен бүтүрөсүң" деди. Ал жактан силерге жиберди десем, "башында ката кеткен экен" деп койду. Биринчи паспорт берген Миркамил Малайев Ошто иштейт экен. Ага телефон чалсак, "мага келсин бүтүрүп берем" деди эле Ошко бардым. Бирок ал документти көрүп эле "муну сот менен чечиш керек" деп койду. Өзүнүн директоруна да киргизип, ал Бишкекке чалса, Лейлекте сот аркылуу чечилерин айтты", — деп баяндайт Досов.

Ага ишенип кайра Лейлекке барганда сот Досовдун документин кабыл алган эмес. Андан соң Калкты тейлөө борбору тергөөчүнүн токтомун талап кылганда анын артынан 10 күн чуркаган.

ID-карта. Архив - Sputnik Кыргызстан
ID-карта менен жалпы жарандык паспорттун жаңы баалары. Тизме
"Тергөөчү "мурда ката кеткен паспортто чынында ушул жаран деген" токтом чыгарып берди. Аны Калкты тейлөө борборуна берсем, "Бишкекке жөнөтөбүз, жооп келсе кабарлайбыз" дешти. Үч күндөн кийин барсам, Бишкектеги юристтердин кабыл албай жатканын айтышты. Өзүм чечейин деп кайра Бишкекке келдим. Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине кирсем, алар да сот аркылуу бүтөт дешти. Кимисине барбайын, эмне эле келип жатасың дегенсип кагып-силкип, жакшы жооп бербей чыгарып салат", — деп кайрылды айласы кеткен мигрант.

Сүйөркул Досов бир ай ары-бери чуркап жүрүп эле 25 миң сому кеткенин белгиледи. Ал ортодо паспортун алмаштырып берген Алмаз Анаркуловдун жумушуна Кадамжайга барганын да кошумчалады. 

"Акыры департаменттин директору Мухабат Пратовага кирсем, документтерди Лейлектин прокуратурасына алып барууну сунуштады. Качан чечилерин сурасам "билбейм" дейт. Аларга ишенбей 11-июнда почта аркылуу эле жибергенбиз. Күтүп туруп өзүбүз кабар беребиз дешкен. Андан бери бир ай өттү, дайын жок, ошондогу кызматкерлердин шалаакылыгынан улам азыр же жумуштан, же паспорттон жок орто жолдо турам. Үч балам бар, аларды ким багат? Кандай жолдор менен бүтөт, каякка барайын десем, баары эле ийин куушурушат. Чарчап бүттүм", — деп ызаланат Досов.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратова редакцияга кайрылган жарандын иши качан бүтөрү белгисиз дейт. 

© Фото / пресс-служба ГРСКалкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратова
Паспортко жетпеген Сүйөркул: Калкты тейлөө борбору топтой тээп чарчатты - Sputnik Кыргызстан
Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратова

"Сүйөркул Досовго окшогон 300 адам бар. Буга чейин соттун чечиминин негизинде "Инфоком" ишканасы өзгөртүүлөрдү жасачу эле. 2018-жылдын октябрында Жогорку соттон "Мындай иштер бизде каралбайт" деген кат келди. Маселени чечүү жолун сурап Юстиция министрлигине кайрылсак, өкмөттүн токтомуна киргизүү керектигин билдиришти. Анан токтомду даярдап өкмөткө жибергенбиз. Токтом кабыл алынганга чейин эч нерсе кыла албайбыз", — деди Пратова.

Среднее общее образование в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Аттестатты ката менен баскандардын кандай жаза алгандыгы айтылды
Ал калган суроолорду орун басары Бакыт Конушбаевден тактап алууну сурады. Орун басары болсо токтом өкмөткө жиберилбей эле азыркы тапта бул иштер боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканын билдирди.

"Мыйзам долбоору качан кабыл алынып күчүнө кирери белгисиз. Ага чейин биз паспорт бере албайбыз. Анткени маалыматтык базадагы биринчи паспортун жокко чыгарышыбыз керек", — деди Конушбаев.

Ошондой эле Конушбаев "10 жыл мурда Сүйөркул Досовго паспорт берүүдө кызматкерлер ката кетириши мүмкүнбү?" деген суроого жооп берүүдөн баш тартып койду. Жыйынтыктап айтканда, азыр мыйзам долбоору кабыл алынганга чейин күтүүдөн башка арга жок.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0