Чет жактан иш таап берем деп ыйлаткан "Амасса". Айласы кеткендердин арманы

© Sputnik / Табылды КадырбековВопрос профессионалу: что делать, если готов взорваться?
Вопрос профессионалу: что делать, если готов взорваться? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөгө иштөөгө кеткиси келген ондон ашык жаран борбор калаадагы жеке агенттиктердин бирине кайрылган. Бирок алар Түркия, Болгарияда иштөөгө көмөк көрсөткөн Бишкектеги жоопкерчилиги чектелген коомго акчасын төлөп, бир нече айдан бери көздөгөн жерине жетпей келет. Бул боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине бир нече адам кайрылды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги сызга отуруп калгандардын арыз-муңун угуп, маселенин күнгөй-тескейин тактап көрдү.

Жабырлануучулардын бири Сейде Мусажанова жарым жылдан бери Түркияга жумушка кете албай убара. Жаш кыз ал жакка жетүү үчүн 20 миң сомдон ашык акчаны жеке агенттикке берген. Ал бирок төлөгөн акчасына кызмат көрсөтүүсүн ала албай турганына көзү жеткендиктен, чет өлкөгө кетүүдөн баш тарткан. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖабырлануучулардын бири Сейде Мусажанова
Чет жактан иш таап берем деп ыйлаткан Амасса. Айласы кеткендердин арманы - Sputnik Кыргызстан
Жабырлануучулардын бири Сейде Мусажанова

"Мен Түркиядагы мейманканага иштеш үчүн "Амасса" агенттигине 400 доллар бергем. Май айында кетип төрт ай иштеп келмекмин. Кийин 24-июнда кетесиңер деп жылдырганын кабарлашкан. Озоева Бегай аттуу кызматкер мени жөнөтмөк. Бирок ага чалып, жазып байланыша албай, тагыраагы, таппай калдым. Кийин байланышка чыкканда сураганымда, акыркы мезгилде мен силерден акча алдым беле деп баштады. 27-июнда укук коргоо органдарына арыз менен кайрылдым. Азыр визадан же акчадан жок болуп, убакытты кетирип отуруп калдык", — деп билдирди Мусажанова.

Ал ошондой эле аталган агенттиктен жапа чеккен жарандар бар деген пикирин кошумчалады.

33 жаштагы Мирбек Исаков да төлөгөн акчасын алмак түгүл, агенттиктин кызматкерлери ага карата милицияга арыз жазып, териштирүү иштерине аралаштырып жаткандыгын айтат. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков33 жаштагы Мирбек Исаков
Чет жактан иш таап берем деп ыйлаткан Амасса. Айласы кеткендердин арманы - Sputnik Кыргызстан
33 жаштагы Мирбек Исаков

"Кышында Болгарияга иштегени кетейин деп "Амасса" агенттигине кайрылып, башында 10 миң сом төлөгөм. Ошондо "виза бүтүп калды, март айында гольф клубда иштейсиңер" дешти. Кийин алар кайра ал жакта болбой калды, Түркияда ресторанда иштей баштайсыңар деген. Бирок визаны бүтүрүп бербегендиктен келишимден баш тарткам. Телефон чалсаң албайт, жолукпай качып жүрөт. Мен Кара-Балтадан бери кайра-кайра келе бербейм да. Ошондон бери жарым жыл өттү. Өткөндө алардын кеңсесине акчаны сурап баргам, кызматкерлери акчаны кайра бербейбиз деп провокация кылып, мени видеого тарта баштаган. Ошондо менин ачуум келип телефонун алайын десем, баштыгы айрылып кеткен эле. Алар милиция чакырышып, "телефонумду уурдады" деп арыз жазып, азыр чогуу сүйрөлүп жүрөбүз", — деди ал.

Сейде Мусажанова менен Мирбек Исаков өңдүү онго жакын адам редакцияга кайрылды. Алардын айтымында, көпчүлүгү чет мамлекетке ишке орношуу үчүн "Амасса" ЖЧКсына 6000 сомдон 30 миң сомго чейин акча төлөшкөн.

Түркияга иштегени барып алданып калган Кыргызстандын 46 жараны жардамга муктаж - Sputnik Кыргызстан
Түркияда Кыргызстандын 46 жараны көчөдө калдыбы? Окуянын чоо-жайы
Арыздангандар ошондой эле карапайым элдин айласын келтирген агенттиктерге карата мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөл болбой жаткандыгын айтып, нааразычылыгын билдиришүүдө. Буга чейин да "Амасса" аркылуу Түркиянын Мармарис шаарындагы мейманканалардын бирине жумушка келген 17 кыргызстандык көчөдө калгандыгын башка жалпыга маалымдоо каражаттары жазган жайы бар.

Чет өлкөгө жумушка орноштурган жеке агенттиктердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык консультациялык борбору "мыйзам бузуулар аныкталса тиешелүү чара көрүлөт" деп ишендирүүдө.

Борбордун жетектөөчү адиси Эсенбек Эргешовдун айтымында, маселени жакын арада мекеме аралык комиссия карайт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖабырлануучулар
Чет жактан иш таап берем деп ыйлаткан Амасса. Айласы кеткендердин арманы - Sputnik Кыргызстан
Жабырлануучулар

"Ооба, "Амасса" боюнча бизге да бир жаран арыз менен кайрылды, аны жакын арада мекеме аралык комиссия карайт. Анын курамында УКМК, ТИМ, ИИМ жана элчиликтин өкүлдөрү бар. Буга чейин "Амасса" агенттиги кыргызстандыктарды Түркияга жиберип, жумушчулар ара жолдо калган. Ошондо Түркияга жиберүү боюнча лицензиянын ишмердүүлүгүн токтотконбуз. Жарандар бизге кайрылсын, биз агентикке карата чара көрүп, лицензиясын жокко чыгарабыз", — деп жооп узатты Эргешов.

Ал эми Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Болгария жана Россияга кыргызстандыктарды жумушка жөнөтүп келген "Амасса" жоопкерчилиги чектелген коому кардарларынын акчасын кайтарып бере албай тургандыгын жашырган жок.

Агенттиктин өкүлү Мейкин Шайбекованын пикиринде, виза үчүн жарандардан чогултулган акчаны элчиликтен алып бере албайт.

Ситуация на курортах Турции в связи со спадом туристического потока из России - Sputnik Кыргызстан
Бармак тиштеп каларың бат эле. Миграция азабын тарткан Түркиядагы кыргыз кыздары
"Сиздерге арызданып жаткандардын бардыгынын документтери дайын, азыр авиабилетти гана күтүп жатабыз. Кызматкерлер аларга кичине күтүп тургула деп түшүндүрүүдө, бирок болбой жатышат. Себеби визанын чыгышына эле эки-үч ай убакыт сарпталат экен. Анан алар визага акча беришкен, бирок биз ал каражатты элчиликке берип бүтүрткөнбүз да. Азыр сегиз адам кете албай жүрөт, аларды так ушул күнү Түркияга жиберебиз деп айта албайбыз. Себеби билеттер жумуш берген тараптан келет. Болгарияга да бир-эки адам кете албай жатат. Иштегени кетпейбиз дегендерге биз акчаны кайтарып бере албайбыз", — деди Шайбекова.

Ара жолдо жумушсуз жана акчасыз калып арыздангандар "Амасса" агенттигин калкалаган адамдары бар экендигин кошумчалашты.

Өзүнүн атын толук айткысы келбеген Каныбек (аты өзгөртүлдү — ред.) "Амасса" агенттигинин ээси менен Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова тууганчылыгы бар экендигин айтат. 

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова
Чет жактан иш таап берем деп ыйлаткан Амасса. Айласы кеткендердин арманы - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова

"Мен беш айдан бери өзүмдүн паспортумду ала албай жүрөм. Мен эле Түркияга иштейм деп 23 миң сомдой акча бергем, мага окшогондор толтура экен. Булар ачык эле уюшуп алып элди алдап, акчасын алып бербей койгонго көнүп алышыптыр. Барсаң адамча мамиле кылбай "билген намазыңды оку" деп жатышат. Айдын башында эле милицияга арыз жазгам, алар мени бир да жолу чакырып териштирген жок. Булардын коргоочусу депутат эжеси Жылдыз Мусабекова деп угуп жүрөм", — деди ал.

Эл өкүлү болсо, чет өлкөгө кыргызстандыктарды жөнөткөн "Амасса" агенттиги менен байланышы жок экендигин айтууда.

"Менин эч кандай фирмам жок. Эч кимге иш да таап бербейм. Эч кимди да калкалабайм", — деп жооп берди.

Ал арада Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы аталган фактылар боюнча Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү тогуз адам арыз менен кайрылганын кабарлады. Учурда Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча сотко чейин өндүрүш жүрүүдө.

Офистеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тармактык маркетингге ишенсе болобу? Оңой акча табуунун пайда-зыяны
Юстиция министрлигинин расмий сайтында "Амасса" ЖЧКсы Мусабеков Нурсултан Абдыкадыровичке катталган. Ошондой эле ал өзү ээлик кылган "ТогАй" жоопкерчилиги чектелген коомун да жетектейт. Эки агенттик тең чет өлкөгө жумушка орноштуруу менен алектенет.

Андан сырткары, фамилиясы менен атасынын аты окшош болгон ушул эле багытта ишмердүүлүгүн жүргүзгөн "ЭйЧар Жаз Групп" ЖЧКсы Мусабекова Жаркынай Абдыкадыровнага таандык. Бул жеке компания кайра каттоодон өткөнгө чейин "Езекия" деп аталып келген. Ал ишкана да бир жыл мурда Түркиянын Анталия шаарына 50гө чукул улан-кызды алып барып, Кыргызстанда түзүлгөн келишимдин талаптарын аткарган эмес.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0