Бишкек мэриясы суунун баасын көтөргөнү жатат. Себеби эмне

© AFP / VOISHMELСуу. Архив
Суу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын бул идеясын эми Бишкек шаардык кеңеши жактырып же четке кагышы керек.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы муздак сууга болгон тарифти көтөрүүнө пландап, жүйөсүн түшүндүрдү.

Бааны жогорулатуу токтомунун долбоору Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна жиберилди.

"Бүгүн 1000 литр суунун өз наркы 8 сом экенине карабай, шаар тургундары 5,38 сомдон төлөп жатат. Ошондой эле канализация ишин тейлөөнүн наркы азыркы төлөнүп жаткан 1,20 сомдон алда канча жогору, тагыраагы, 3 сом", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Мындан улам шаар жетекчилиги тургундар үчүн суунун тарифин — 8,10 сомго, канализация үчүн — 2,30 сомго көтөрүүнү сунуштоодо. Бул көрсөткүч бюджеттик ишканаларга 9,10 сом (суу) жана 3 сомду (канализация) түзмөкчү.

Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, "демократиялык тариф саясатынын" айынан акыркы жылдары "Бишкек суу каналы" ишканасы чыгым тартып иштеп келе жатат. Мисалы, 2017-жылы чыгым 94,2 миллион сомду түзсө, былтыр бул сумма 89,8 миллион сомго жеткен.

Ушул жылдын 1-июнундагы маалымат боюнча, ишкананын 105,2 миллион сом бересеси бар.

Алар:

  • Жеткирип берүүчүлөргө — 24,7 миллион сом;
  • Социалдык фондуга салыктар жана төлөмдөр боюнча — 22,1 миллион сом;
  • Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкына "Бишкек шаарына суу берүүнү жакшыртуу" долбоорунун алкагында берилген насыя үчүн— 44 миллион сом;
  • "РСК Банкынан" алынган насыя үчүн — 14,4 миллион сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0