Мечитте жашаган милиционерге жергиликтүү бийлик үч бөлмөлүү үй салып берди. Сүрөт

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Миң-Чынар айылында милициянын аймактык пункту менен кошо аймактык тескөөчү үчүн курулган үйдүн ачылыш аземи болду
Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Миң-Чынар айылында милициянын аймактык пункту менен кошо аймактык тескөөчү үчүн курулган үйдүн ачылыш аземи болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын аймактык тескөөчүсү турак жайы жоктугунан айылдагы мечитте баш калкалап келген.

ОШ, 18-июл. — Sputnik. Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Миң-Чынар айылында милициянын аймактык пункту менен кошо аймактык тескөөчү үчүн курулган үйдүн ачылыш аземи болду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Алчынбай Төралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваПостройка дома и отделения милиции в селе Ак-Турпак Кадамжайского района
Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Миң-Чынар айылында милициянын аймактык пункту менен кошо аймактык тескөөчү үчүн курулган үйдүн ачылыш аземи болду - Sputnik Кыргызстан
1/4
Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Миң-Чынар айылында милициянын аймактык пункту менен кошо аймактык тескөөчү үчүн курулган үйдүн ачылыш аземи болду
© Sputnik / Зульфия ТургуноваПостройка дома и отделения милиции в селе Ак-Турпак Кадамжайского района
Маалыматка ылайык, буга чейин имарат жоктугунан милициянын №31 таяныч пунктунун тескөөчүсү Чырмаш Үсөн уулу айылдагы мечитте жана жергиликтүү жашоочулардын үйлөрүндө үй-бүлөсү менен жашап келген - Sputnik Кыргызстан
2/4
Маалыматка ылайык, буга чейин имарат жоктугунан милициянын №31 таяныч пунктунун тескөөчүсү Чырмаш Үсөн уулу айылдагы мечитте жана жергиликтүү жашоочулардын үйлөрүндө үй-бүлөсү менен жашап келген
© Sputnik / Зульфия ТургуноваПостройка дома и отделения милиции в селе Ак-Турпак Кадамжайского района
Милиция пунктунун имарат маселесин чечүү максатында Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн бир миллион сом, Кадамжай райондук милициясынан 200 миң сом бөлүнгөн - Sputnik Кыргызстан
3/4
Милиция пунктунун имарат маселесин чечүү максатында Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн бир миллион сом, Кадамжай райондук милициясынан 200 миң сом бөлүнгөн
© Sputnik / Зульфия ТургуноваПостройка дома и отделения милиции в селе Ак-Турпак Кадамжайского района
Демөөрчүлөрдү кошкондо жалпысынан 1,5 миллион сом чогулган. Ага 3,5 сотых жерге төрт бөлмөдөн турган имарат курулган. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Демөөрчүлөрдү кошкондо жалпысынан 1,5 миллион сом чогулган. Ага 3,5 сотых жерге төрт бөлмөдөн турган имарат курулган.
1/4
Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Миң-Чынар айылында милициянын аймактык пункту менен кошо аймактык тескөөчү үчүн курулган үйдүн ачылыш аземи болду
2/4
Маалыматка ылайык, буга чейин имарат жоктугунан милициянын №31 таяныч пунктунун тескөөчүсү Чырмаш Үсөн уулу айылдагы мечитте жана жергиликтүү жашоочулардын үйлөрүндө үй-бүлөсү менен жашап келген
3/4
Милиция пунктунун имарат маселесин чечүү максатында Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн бир миллион сом, Кадамжай райондук милициясынан 200 миң сом бөлүнгөн
4/4
Демөөрчүлөрдү кошкондо жалпысынан 1,5 миллион сом чогулган. Ага 3,5 сотых жерге төрт бөлмөдөн турган имарат курулган.

Маалыматка ылайык, буга чейин имарат жоктугунан милициянын №31 таяныч пунктунун тескөөчүсү Чырмаш Үсөн уулу айылдагы мечитте жана жергиликтүү жашоочулардын үйлөрүндө үй-бүлөсү менен жашап келген.

Милиция пунктунун имарат маселесин чечүү максатында Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн бир миллион сом, Кадамжай райондук милициясынан 200 миң сом бөлүнгөн. Демөөрчүлөрдү кошкондо жалпысынан 1,5 миллион сом чогулган. Ага 3,5 сотых жерге төрт бөлмөдөн турган имарат курулган. Анын үч бөлмөсү Миң-Чынар айылын тейлеген аймактык тескөөчү, милициянын капитаны Чырмаш Үсөн уулунун үй-бүлөсү үчүн болсо, бир бөлмөсү кызматтык бөлмө катары колдонулат.

Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пара алды деген милиционерлерди "басып" калганда. Баткендеги операциянын видеосу
Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, облустук милициянын башчысы Аскарбек Аширалиев жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Облустук милициянын маалымат кызматы билдиргендей, Бүргөндү айылдык милиция пункту 26 миң адамды, Ак-Турпак, Кыргыз-Кыштак жана Совет айыл өкмөттөрүн тейлейт. Ак-Турпактагы бул таяныч пункту айылдык милиция бөлүмчөсүнөн 20-25 чакырым алыста жайгашкан.

Беш миңден ашуун эл жашаган Миң-Чынар айылында мал уурулук боюна факты көп катталат. Жыл башынан бери мындай жети факты катталып, 18 баш мал уурдалган. Алардын баарынын бети ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0