Скутеримди төлөп бер! Көлдө жоголгон казакстандык туристке доо коюлууда

© Фото / пресс-служба МВД КРНайденный казахстанец, которого три дня искали на Иссык-Куле
Найденный казахстанец, которого три дня искали на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын жараны дээрлик үч сутка изделген.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө жоголуп кетип, аман-эсен табылган Казакстандын жаранынан скутердин акчасын төлөп берүү талап кылынды. Бул тууралуу аймактык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Летний сезон в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Милиция: Көлдө дайынсыз деп изделген казакстандык кантип табылганын айтып берди. Сүрөт
Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында эс алып жүргөн Казакстандын 53 жаштагы жараны 14-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө бардык күчтөр тартылганын Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев айтып берип, атайын чакан амфибия учагы да тартылганын кошумчалаган. Бактыга жараша, ал 16-июлда кечинде аман-эсен табылган. Турист милицияга көрсөтмө берип жатканда скутер чөгүп кеткенин айткан.

Аймактык милициядан кабарлашкандай, скутердин ээси келтирилген чыгымды төлөп берүүнү талап кылууда. Ал эми Казакстандын жоголуп-табылган жараны чыгымды төлөп берерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0