"Ал өзгөчөлөнүп турчу". Ашырбек Темирбаевди аткаминерлердин эскерүүсү

© Sputnik / Табылды КадырбековПостоянный представитель правительства в ЖК Ашырбек Темирбаев
Постоянный представитель правительства в ЖК Ашырбек Темирбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Темирбаев 16-июлда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Ашырбек Темирбаев өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту жана үлгүлүү мамлекеттик кызматкер болгон. Мындай билдирүү президент Сооронбай Жээнбеков баштаган аткаминерлердин көңүл айтуу катында айтылат.

Темирбаев 16-июлда 67 жаш курагында оорудан улам каза болгон. Ал акыркы учурда  өкмөттүн  аппарат жетекчисинин биринчи орун басары — өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп иштеп келген.

"Ал ак жүрөктүгү, чынчылдыгы жана боорукердиги менен өзгөчөлөнүп турчу. Анын адамдык сапаттары мамлекеттик кызматтарда ийгиликтүү иштөөнү шарттап, алдына коюлган милдеттерди ар-намыстуулук менен аткарып келген. Ал ишенимдүү дос, мыкты уюштургуч, үй-бүлөсүнө камкор инсан болгон. Анын жаркын элеси биздин эсибизде жана жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат", — деп айтылат көңүл айтуу катында.

Темирбаев сиңирген эмгеги үчүн "Манас-1000" жана "Даңк" медалы менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0