23:56 29 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8490
  • RUB1.1195
Коом
Кыскача шилтеме алуу
36810

Каналдын курулушуна Кытай 500 миллион сом кайтарымсыз грант берген.

ОШ, 16-июл. – Sputnik. Баткен районунун Дара жана Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы 1500 гектар дың жерди өздөштүрүү максатында узундугу 46 чакырым болгон каналдын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Акрам Мадумаров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Строительные работы лотка в Дара и Торт-Гульском айыл окмоту
© Фото / Зульфия Тургунова
Баткен районунун Дара жана Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы 1500 гектар дың жерди өздөштүрүү максатында узундугу 46 чакырым болгон каналдын курулуш иштери башталды

Анын айтымында, алгач мурдагы 16 чакырым узундуктагы магистралдык канал бузулуп, кайра курулууда. Учурда каналдын алты чакырымы курулуп бүткөрүлдү. Ага 70 миллион сом каражат жумшалды. Андан соң 30 чакырым ички чарбалык бөлүштүрүүчү (лоток) кичи каналдар курулат.

Аталган канал Кытайдын кайтарымсыз грант түрүндө берилип жаткан 500 миллион сомуна курулууда. Бүгүнкү күндө курулуш иштери үчүн 129 миллион сом каражат бөлүнгөн. Үч жылдык мөөнөттө аткарылуучу бул жумушка 80 пайыз жергиликтүү тургундар тартылды. Жумушчулар 15 миң сомдон, 30 миң сомго чейин маяна алууда.

Бул чоң долбоор өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Суу чарба департаментинин сунушу менен Мамлекеттик капиталдык курулуш программасынын негизинде ишке ашырылып жатат.

"Баткен жергесин өрүксүз элестете албайбыз. Эл негизги киреше булагын өрүктөн алат. Ошол себептен өрүк бактарын көбөйтүү керек. Себеби Кара-Бак айылындагы жергиликтүү ишкер январдан май айына чейин 25 тонна кургатылган өрүктү АКШга экспорттоду. Мындан сырткары, жашоочулар Түркия, Украина, Россияга чейин өрүк экспорттой баштады. Элдин жашоо-шартын жакшыртуу үчүн өрүктүн көлөмүн жана сапаттуулугун көтөрүү керек. Себеби чет мамлекеттерге экспорттоо үчүн анын сапаты да, көлөмү да талапка жооп бериши керек. Ошол максатта өрүк бактарды көбөйтүү үчүн алгач жер өздөштүрүп, ага суу жеткирүүнү колго алып, каналдын курулуш иштери башталды", — деди Мадумаров.

Каналдын курулуш иштери аяктаса, учурда секундасына 2,5 метр куб агып жаткан суунун сыйымдуулугу 4,5 кубга жетет.

Тема боюнча

Баткендиктер АКШга 25 тонна кургатылган өрүк экспорттоду
Белгилер:
Кытай, грант, канал, өрүк, Баткен

ЭҢ МААНИЛҮҮ