Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2 млрд. куб метрге азайды

Жазылуу
Буга чейин окурмандар «Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү өтө азайып кетти» деп коңгуроо кагышкан.

БИШКЕК , 16-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 16-июлуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16 миллиард 75 миллион куб метрди түздү. Бул туурасында "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кытчысы Фатима Төрөканова билдирди.

Электр станциялары ААКнын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Айдаралиева: элди электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырабыз
Буга чейин окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү азайып кеткенин айтып, сүрөтүн жиберишкен. Мындан улам алар кышкысын электр жарыгына чектөө коюлуп калабы деп чочулашууда.

"Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы азыркы тапта өткөн жылга салыштырмалуу суунун көлөмү 2 миллиард 2 миллион куб метрге аз экенин билдиришти.

"Суунун азайышы - Кыргызстанда суунун тартыштыгы жаралганына байланыштуу. Суунун агып киришинин орточо көлөмү секундасына 890 куб метр, чыгышы 412 куб метрди түзөт. Ал эми өткөн суткада саатына 39 миллион 626 миң киловатт электр энергиясын өндүрдү. Салыштыруу үчүн айтсак, 12-июлда суунун көлөмү 15 миллиард 895 миллион куб метрди түзгөн. Башкача айтканда, беш күндө көлөмү 180 миллион куб метрге көбөйгөн", — деди Төрөканова.

Маалымат катчынын айтымында, энергетиктер күз-кыш мезгилдерине чейин сууну 16,7 миллиард куб метрге чейин чогултууну пландап жатат. Мындай абал күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө тоскоол болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0