Экотуризмди өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдө фестиваль өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл облсундагы Григорьев капчыгайы. Архив
Ысык-Көл облсундагы Григорьев капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын алкагында кыргыз күрөш, кум үстүндө волейбол, футбол жана шахмат боюнча мелдештер уюштурулат.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тосор айылында "Алтын кум — 2019" аталышындагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, саамалык 28-июлда болот.

"Фестивалдын негизги максаты — экотуризмди өнүктүрүү жана жаштарды спортко, маданиятка кызыктыруу. Иш-чаранын алкагында кыргыз күрөш, кум үстүндө волейбол, футбол жана шахмат боюнча мелдештер уюштурулат", — деп жазылат маалыматта.

Салтка айланган фестиваль "Тосор коому" коомдук бирикмеси тарабынан үчүнчү ирет өтүп жатканы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0