Балдардын коопсуздугу боюнча журналисттерге сынак жарыяланды

© AFP / PHILIPPE HUGUENНачальная школа Мулен-Перго в Лилле
Начальная школа Мулен-Перго в Лилле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Подводка: Сынакка телевидение, радио, гезит-журнал, интернет басылмаларында иштеген бардык журналисттер катыша алат.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги балдардын коопсуздугуна арналган темалар боюнча журналисттер арасында сынак өткөрүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, сынакка телевидение, радио, гезит-журнал, интернет басылмаларында иштеген бардык журналисттер катыша алат.

"ЖМК өкүлдөрү "Балдардын коопсуздугуна ата-энелердин жоопкерчилиги", "Өспүрүмдөрдүн өз өмүрүн кыюуну алдын алуу жана эскертүү", "Балдарда толеранттуулук маданиятын калыптандыруу" жана "Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу" деген темаларда макала жазып, сюжет жасашы керек. Максаты — сапаттуу материалдарды даярдоо менен балдардын коопсуздугуна арналган маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруу", — деп жазылат маалыматта.

Аткарылган иштер 2019-жылдын 20-августуна чейин press_sluzhba_mkitkr@mail.ru электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат. Ал эми жеңүүчүлөр август айынын соңунда аныкталмакчы.

Талаптары:

Кыргыз жана орус тилдериндеги макалалар 2500 сөздөн, видео жана мультимедиа 10 мүнөттөн ашпоого тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0