Мэрия муниципалдык аймактык башкармалыктардын ишин тыкыр көзөмөлгө алды

Жазылуу
Эми муниципалдык аймактык башкармалыктын башчылары мэрдин буйругу менен гана дайындалат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы муниципалдык аймактык башкармалыктарды (МАБ) катуу көзөмөлдөөнү чечти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэрияда 22 муниципалдык аймактык башкармалык иштейт, анын ар биринде 10дон адис бар.

Озеро Комсомольское в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Мэрия: быйыл Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ачылбайт
Муниципалитеттин аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев мындан ары МАБдын ишин акимиаттар гана эмес, мэриянын борбордук аппараты да көзөмөлдөй турганын айтты. Башкармалыктардын жетекчилери эми мэрдин буйругу менен дайындалат.

Түлөбаев МАБ эл менен тыгыз иштебей, санитардык тазалоо, сугаруу, жашылдандыруу, жакшыртуу сыяктуу иштер ойдогудай болбой жатканын белгиледи. Бул боюнча эл да көп арызданып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0