Кайсы кыргыз сому өзүнөн 400 эсе кымбат сатылып жатканы айтылды

Жазылуу
20 сомдуктун минтип "асмандап" кетишин анын номери менен байланыштырышты.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жакындан бери eBay деп аталган интернет-тоорукта 20 сом өзүнөн төрт жүз эсе кымбат баада сатылып жатат.

Акчанын кайсы жылы чыкканы көрсөтүлгөн эмес, бирок ал төртүнчү чыгарылыштан (2009-жылы жүгүртүүгө чыккан) дешти.

Алгачкы баасы 125 доллар (8,7 миң сом), тагыраагы өзүнөн 435 эсе кымбат болгон.

20 сомдуктун минтип "асмандап" кетишин анын төмөнкү номери — CI 0000005 менен байланыштырышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0