Кол чатыр көтөртүү "Айыл Банктын" жетекчисине жеттиби? Сүрөт

Жазылуу
Сүрөттөн Шамкеевдин артында кол чатыр кармап турган жигитти көрүүгө болот.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. "Айыл Банктын" төрагасы Бактыбек Шамкеевдин артында турган балага кол чатыр карматып турган сүрөтү социалдык тармакка тарап жатат. Банктын маркетинг бөлүмүнүн башчысы Нурила Чекирова Facebook баракчасына жарыялаган сүрөттө ал даана көрүнүп турат.

© скриншот с сайта FacebookРуководитель отдела маркетинга ОАО "Айыл Банк" Нуриля Чекирова опубликовала в Facebook фотографию, где видно, что над головой председателя правления Бактыбека Шамкеева держат зонт
Кол чатыр көтөртүү Айыл Банктын жетекчисине жеттиби? Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Руководитель отдела маркетинга ОАО "Айыл Банк" Нуриля Чекирова опубликовала в Facebook фотографию, где видно, что над головой председателя правления Бактыбека Шамкеева держат зонт

"Дем алыш күнү башкы кеңсенин жамааты менен жаратылыш койнунда палоо фестивалын өткөрдүк. Абдан даамдуу болду, жайдары маанайда ырдап бийледик, рэп окудук", — деп жазды Чекирова.

Ал сүрөттү социалдык баракчасына 8-июлда жарыялаган.

Банктын маалымат кызматы аталган сүрөт боюнча түшүндүрмө берди. Ага ылайык, эртең менен жаан жаап, бир аздан кийин кайра күн ысыган. Калыстар отурган жерге (калыстардын катарына Шамкеев дагы кирген) күн катуу тийип жаткан.

Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зарыктырган 6 пайыз... Мамлекеттик ипотеканын үстөгү качан төмөндөйт
"Адамгерчилик жана жигитчилик катары эле биздин кызматкер калыстардын үстүнө кол чатыр кармап берген. Карасаңар, төрага чоң шляпа кийип алган, андыктан ал мындай кызматка деле муктаж эмес болчу", — деп айтылат маалымат катчы Тамара Валиева тараткан билдирүүдө.

Ал ошондой эле сүрөттү жакшылап караганда фотографка да кол чатыр кармап берип турганын көрүүгө болорун кошумчалады.

"Шамкеев ага кол чатыр кармап берип жатканын байкаганда анын кереги жок экенин айтты. Жигит болгону 3-5 мүнөттөй эле кармап турду, анын бардыгы видеого түшкөн. Башка сүрөттөрдө калыстар кол чатыры жок эле отурган", — деди Валиева.

Банк видеонун скриншотторун далил катары жөнөттү.

© Фото / пресс-служба ОАО "Айыл Банк"Руководитель отдела маркетинга ОАО "Айыл Банк" Нуриля Чекирова опубликовала в Facebook фотографию, где видно, что над головой председателя правления Бактыбека Шамкеева держат зонт
Банк видеонун скриншотторун далил катары жөнөттү - Sputnik Кыргызстан
1/3
Банк видеонун скриншотторун далил катары жөнөттү

2/3

3/3

"Айыл Банк" мамлекетке таандык.

Эске салсак, Бишкектин мурдагы прокурору Нурлан Сулайманкуловго жардамчысы аркасында кол чатыр көтөрүп турган сүрөтү социалдык тармактарга тарап кеткен. Мындан улам аны "бай-манап" деп жемелегендер көп болгон. Ушундай эле көрүнүшкө Ош облусунун мурдагы башчысы Таалайбек Сарыбашев менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0