Баласын алдына отургузуп алып автоунаа айдаган. Бишкекте изделген аялдын видеосу

CC BY 2.0 / CIA DE FOTO / 0252Нарушение ПДД
Нарушение ПДД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбө тартып алган видео Facebook баракчасына жарыяланды.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкекте аял бир баласын алдына алып, экинчисин жанына, алдыңкы орундукка отургузуп коюп автоунаа айдаган.

Күбө тартып алган видео Facebook баракчасына жарыяланды. Анда ролик 10-июль күнү Фрунзе менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен тартылганы жазылган.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан айдоочу келиндин изделип жатканын билдиришти. Эгер табылса инспекторлор эки эрежени бузгандыгы боюнча протокол түзөт. Алар — 12 жашка чейинки баланы атайын креслосуз алдыңкы орундукка отургузуу жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесинин бузулушу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0