Милиция: Чүйдө суу талаштан чыккан мушташ боюнча чагымчыл кабар таратпагыла!

© пресс-служба мэрии города БишкекНехватка питьевой воды в новостройках"Арча-Бешик" и "Ак-Ордо"
Нехватка питьевой воды в новостройкахАрча-Бешик и Ак-Ордо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалган маалымат тараткандар мыйзам алдында жооп берет.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Чүй облустук милициясы 10-июлда Воcточное айылында болгон мушташ боюнча социалдык тармактарда чагымчыл жалган маалымат тарап жатканын, мындай кабарларга ишенбөө керектигин билдирди.

Милиция ошондой эле жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыла турганын билдирди.

"Тартип коргоо органдары жарандарды социалдык тармактарда чагымчыл маалыматтарды таратпоого үндөп, эгер ушундай фактылар болсо, милицияга кабарлоону суранат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Чүй районундагы Восточное айылында коңшулар суу талашып мушташа кеткен. Анын кесепетинен үч киши жаракат алып, бирөө ооруканага жаткырылган. Бул ишке шектүү катары эки киши кармалып, алардын бири ден соолугуна байланыштуу аймактык ооруканага жаткырылса, экинчиси Токмок шаарынын убактылуу тергөө абагына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0