Транспортту каттаганда берген күбөлүктүн көрүнүшү кандай болору айтылды. Үлгү

© Фото / пресс-служба ГРС КРЭскиз свидетельств о регистрации транспортных средств нового образца в КР
Эскиз свидетельств о регистрации транспортных средств нового образца в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы документтер августта берилип баштайт.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынан транспортту каттаганда бере турган күбөлүктүн жаңы үлгүсү кандай болорун көрсөтүштү. 

© Фото / пресс-служба ГРС КРМамлекеттик каттоо кызматынан транспортту каттаганда бере турган күбөлүктүн жаңы үлгүсү
Транспортту каттаганда берген күбөлүктүн көрүнүшү кандай болору айтылды. Үлгү - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик каттоо кызматынан транспортту каттаганда бере турган күбөлүктүн жаңы үлгүсү

Учурда эскиздердин үлгүсүн макулдашуу жана бекитүү иштери аягына чыгып калды. 

© Фото / пресс-служба ГРС КРМамлекеттик каттоо кызматынан транспортту каттаганда бере турган күбөлүктүн жаңы үлгүсү
Транспортту каттаганда берген күбөлүктүн көрүнүшү кандай болору айтылды. Үлгү - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик каттоо кызматынан транспортту каттаганда бере турган күбөлүктүн жаңы үлгүсү

Каттоо кызматынын билдиргенине караганда, жаңы үлгүдөгү документтер Жол кыймылы боюнча 1968-жылы 8-ноябрда кабыл алынган Вена конвенциясынын талаптарына жооп берет. Ал жердеги маалыматтар кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазылат. 

© Фото / пресс-служба ГРС КРМамлекеттик каттоо кызматынан транспортту каттаганда бере турган күбөлүктүн жаңы үлгүсү
Транспортту каттаганда берген күбөлүктүн көрүнүшү кандай болору айтылды. Үлгү - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик каттоо кызматынан транспортту каттаганда бере турган күбөлүктүн жаңы үлгүсү

Жаңы документтин өзгөчөлүктөрү:

  • Бланк А6 көлөмүндөгү кагазда. Ал А7 көлөмүндө болуп, бүктөлөт;
  • Жаңы бланкаларды сапаты жакшы жана жасалмасын чыгаруу кыйындыкка турат. 20га чукул коргоо элементтери бар;
  • Документте мамлекеттик символикалар жайгаштырылган, бирок алар күнгө салып караганда гана байкалат;
  • Инфракызыл шоолага салып караганда көрүнө турган ультра сыя көк түстөрдөн турган талчалар чапталган. Алардын бир катарлары ар кыл түстө;
  • Мамлекеттик гербдин сүрөтү голограмма менен түшүрүлгөн;
  • Бланкадагы жеке маалыматтар атайын пленка менен корголуп жайгаштырылган;
  • Мындан сырткары, полиграфиялык жактан корголгон бир нече элементтер бар.

Аталган ведомстводон жаңы документтер августта берилип баштарын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0