Абактагы Салянованын абалы кандай экени айтылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Аиду Салянову
Президент Алмазбек Атамбаев принял Генерального прокурора Аиду Салянову - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, 29-июнда кайра убактылуу тергөө абагына которулган болчу.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, камакка алынган мурдагы прокурор Аида Салянованын абалы канааттандырарлык. Ал №1 СИЗОнун дарыгерлеринин көзөмөлүндө.

"Аида Салянова медиктер тарабынан айтылгандай дарыланып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Исправительная колония в Приморском крае - Sputnik Кыргызстан
Рысбек Акматбаев менен айыгыша тирешкен. Азиз Батукаев тууралуу 8 факты
Белгилей кетсек, Салянова 5-июнда камакка алынган. 15-июнда ден соолугуна байланыштуу Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген. Дарыгерлер консилиумдан кийин "Салянова ооруканада болушу керек" деген чечим чыгарып, анын жүрөк-кан тамыр илдеттери менен жабыркай турганын маалымдашкан.

29-июнда ооруканадан №1 СИЗОго кайрадан которулган.

Салянова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин №1 тергөө абагында калтырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0