Көргөндөр болсо, кайрылгыла! Депутаттын уулу катышкан кырсыкка күбө болгондор изделүүдө

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуЧолпон-Ата шаарынын жанындагы Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын маңдайында болгон жол кырсыгы
Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын маңдайында болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан Lexus автоунаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү жеринде каза болуп, дагы эки киши ооруканадан жан берген.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Укук коргоо органдары Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын маңдайында болгон жол кырсыктын күбөлөрүн издеп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Работа автосборочного предприятия Автотор - Sputnik Кыргызстан
Депутаттын уулу аралашкан кырсык. BMW X7 автоунаасынын эки номери болгонбу?
Эске салсак, 7-июль күнү Чолпон-Атанын Бактуу-Долоноту айылында BMW X-7 үлгүсүндөгү автоунаа Lexus үлгүсүндөгү жеңил машина менен кагышкан. ЖКККББнын билдиришинче, кырсыктын кесепетинен Lexus автоунаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү окуя болгон жерден жан берсе, дагы экөө ооруканадан көз жумган. Автокырсыкка кабылган BMW автоунаасынын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин баласы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков да болгон. Кырсыктан кийин тартылган видеодон жол тандабастын негизги номеринин алдында дагы бир номер бар экенин көрүүгө болот.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы эки автоунаа тең бир багытта бара жатканын жана Lexus жолдон бурулуп жатканда BMW X-7 келип сүзгөнүн билдирген болчу.

ЖКККББ жол кырсыгынын чоо-жайын тактоого жана ишти адилеттүү тергөө үчүн күбөлөрдү чакырат.

Эгер кырсык болгон учурду көргөн-билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу кайрылышса болот.

  • ИИМдин ЖКККББсы – 0312-63-09-00, 0312-63-09-01;
  • Ысык-Көл облусунун ИИБи – 03922-5-45-05, 03922-5-45-50;
  • Ысык-Көл облусунун ИИБдин тергөө кызматы – 03922-5-15-55, 0312-29-40-10 жана 0705-75-59-88.
Жаңылыктар түрмөгү
0