Жайыл району: 5-класстын окуучусу каза тапкан мектептин директору иштен алынды

© Sputnik / Жоомарт УраимовОфис кызматкери. Архив
Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептин жетекчиси 5-класстын окуучуларын практикага тартуу боюнча буйрук чыгарганы үчүн бала мектепке келе жатып, жолдо кырсыктап каза тапкан.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Жайыл районундагы Ново-Николаевка мектебинин директору 11 жаштагы баланы автоунаа коюп кеткен окуядан кийин иштеп алынды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Кырсык 9-июлда болжол менен саат эртең мененки тогуздар чамасында Бишкек — Чалдовар жолунун 59-чакырымында болгон.

22 жаштагы айдоочу Honda Fit автоунаасы менен келе жатып, 11 жаштагы окуучуну койдуруп кеткен. Милициянын айтымына караганда, бала жолго чуркап чыга калган.

Министрликтен Ново-Николаевка мектебинин директорун иштен алуу чечимин Жайыл райондук билим берүү бөлүмү чыгаргандыгын айтышты.

"Мектептин директору окуу планды бузган. Андыктан, окуучулардын эмгек практикасы каралган эмес, ал эми директор окуучуларды кээ бир иштерге тартууга буйрук берген. 5-класстын окуучусу мектепке эмгек практикасына келе жатып каза болду", — деп айтып беришкен министрликтен.

Жол кырсыгы боюнча факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Материал Жайыл облустук милициясынын тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0