Бишкектеги дагы алты көчө оңдолот

© Фото / пресс-служба мэрии БишкекаЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчөлөрдүн жээгине туурасы 1,5-2 метр болгон тротуарлар дагы салынат.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкектин түндүк-батышында жайгашкан алты көчөнү — Молдокулов, Көк-Жайык, Кара-Жыгач, Исакеев, Виноградный жана Улан көчөлөрүн оңдоп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, көчөлөрдүн жээгине туурасы 1,5-2 метр болгон тротуарлар дагы салынат.

"Бишкек шаарынын башка бөлүгүндө да көчөлөр оңдолууда. Якутск көчөсүнүн Дэн Сяопинден тарта Каракум көчөсүнө чейинки 650 метри жаңыртылат. Андан сырткары, Жумабек көчөсүнүн Турусбековдон Махатма Гандиге чейинки бөлүгү (730 метр аралык) учурда жасалууда", — деп айтылат маалыматта.

Шаардык кызматтын өкүлдөрү Панфилов көчөсүндө иштерди улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0