Акаарат келтирген комментарийлер өчүрүлөт! Instagram жаңы функция киргизди

© REUTERS / Thomas White / File PhotoInstagram тиркемеси. Архив
Instagram тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Функцияны иштеп чыккандар бири-бирин соцтармакта кодулап, реалдуу жашоодо чыр чыгып кетишинен оолак кылууга аракет жасоодо.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Instagram социалдык тармагы бири-бирин кодулагандарды тескөө үчүн жаңы функцияны киргизди. Бул туурасында компания расмий жарыялаган блогунда маалымдады.

Телефон колдонуп жаткан кыз жана бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чала тааныш адамдын мээсин чакпа! Мессенджер колдонуу этикети
Билдирмеге караганда, Instagram жасалма интеллектинин жардамы менен видео, сүрөттөрдүн астына бирөөнү басынтып, сөгүнүп-сагынып жазган комментарийлерди аныктайт. Эгер акаарат келтирүү катары бааланса, комментарий жазып жатканда "Чын эле бул контентке жарыялоону каалайсызбы?" деп эскертүү берилет.

Мындан сырткары, акаарат келтирген комментарийлерди жашырып коюу үчүн "Чектөө" деген функция да пайда болот.

Муну иштеп чыккандар бири-бирин соцтармакта кодулап, реалдуу жашоодо чыр чыгып кетишинен оолак кылууга аракет жасоодо. Жаңы опция жакынкы күндөрү ишке кирмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0