Жумуш издеп жатасызбы? Бишкек мэриясы бош вакансияларды жарыялады

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекДеятельность мэрии города Бишкек
Деятельность мэрии города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш издегендердин документтери 15-июлга чейин кабыл алынат.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы бош орундарга ачык конкурс жарыялады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жумуш издегендер төмөнкү вакансияларга документтерин тапшыра алат:

  • Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Билим берүү борборунун директору;
  • Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башкы адиси.

Токио шаары. Япония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Миңдей кыргызстандык үчүн Японияда иштөөгө жол ачылды
Талапкерлер 18 жаштан жогорку курактагы Кыргызстандын жарандары болушу керек.

Документтер 2-июлдан 15-июлга чейин (18.00гө чейин) төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат: Бишкек, Чүй проспектиси, 166 (118-кабинет). Толук маалыматты 61-41-13, 61-08-29 номерлери аркылуу алса болот. Жумуш издегендерге коюлган талаптар менен мэриянын сайтынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0