Бишкек менен Оштун бир катар көчөлөрүндө газ убактылуу болбойт. Тизме

© Фото / пресс-служба "Газпром Кыргызстан"Подача газа в жилой массив "Колмо" в Бишкеке
Подача газа в жилой массив Колмо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр оттун эки калаада жана эки айылда өчүрүлө тургандыгы кабарланды.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Борбор калаа менен Ош шаарынын аймактарында бир нече күн газ болбой тургандыгын "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Бул оңдоп-түзөө жана кайра калыбына келтирүү иштеринен улам болгону айтылды.

Газ өчүрүлө турган аймактар:

8-9-июль — Ош шаарындагы Мамыров, Киров, Атабаев, Закиров, Фергана көчөлөрү. 9-июлда Кутсимилов көчөсүндө болбойт;

9-12-июль — Бишкектеги Күрөңкөев, Малышев көч., Беломор туюк көч.

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күн дагы ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
Мындан сырткары Биринчи май районунда: Чоң-Чүй каналынын, Ала-Арча дарыясынын боюндагы аймактарда, Биримдик, Можайск, Саадаев көч., Ак-Тилек туюк көчөсүндө;

Дорожная, Карагач, Дача, Щербаков көчөлөрүндө жана "Көлмө", "Салам Алик" жаңы конуштарында;

9-10-июль — Маевка айылы. Жаш Гвардия проспектисинде Чыгыш - Тепличная көчөлөрүнүн аралыгында;

10-11-июль — Лебединовка айылы. Жеңиш проспектисинде Горький, Октябрь көчөлөрүндө жана Веселый туюк көчөсүндө;

10-12-июль — Бишкекте Жибек Жолу проспектисинде, Алма-Ата көч., Чоң-Чүй каналынын аймагында, Табачная, Авангард жана Сүйүмбаев көчөлөрүндө;

10-12-июль — Бишкек шаары, 7-кичи районунда (№28 үй).

Жаңылыктар түрмөгү
0