Кыргызстанда жогорку окуу жайлар абитуриенттер үчүн эшигин ачты. Убакыт-сааты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественная линейка по случаю последнего звонка для учеников и выпускников гимназии № 5 в Бишкеке
Торжественная линейка по случаю последнего звонка для учеников и выпускников гимназии № 5 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик жогорку окуу жайга тапшыруу кайсы күндөрү өтөрүн жарыялады.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуу кампаниясы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Бүгүн биринчи тандоо туру старт алды. Министрлик кампания кайсы аралыкта өтөрүн маалымдады.

Биринчи тур:

8-10-июль — талондорду кабыл алуу;

10-июлда, саат 14.00дө талондорду кабыл алуу жыйынтыкталат;

11-июлда, саат 10.00дө экзаменге кире ала турган абитуриенттердин тизмеси илинет;

11-13-июлда окуу жайга өткөн абитуриенттер университетте кала турганын тастыкташы керек.

Экинчи тур:

15-17-июль — талондорду кабыл алуу;

17-июлда, саат 14.00дө — талондорду кабыл алуу жыйынтыкталат;

18-июлда, саат 10.00дө — экзаменге кире ала турган абитуриенттердин тизмеси илинет;

18-20-июлда окуу жайга өткөн абитуриенттер университетте кала турганын тастыкташы керек.

Үчүнчү тур (Билим берүү министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт):

22-24-июль — талондорду кабыл алуу;

24-июлда, саат 14.00дө — талондорду кабыл алуу жыйынтыкталат;

25-июлда, саат 10.00дө — экзаменге кире ала турган абитуриенттердин тизмеси илинет;

25-27-июлда — окуу жайга өткөн абитуриенттер университетте кала турганын тастыкташы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0