Көлдүн тургундары россиялык туристтин жоготкон бир капчык акчасын кайтарып берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовОбращение сома в КР
Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык турист борсеткасын Боом капчыгайында унутуп кетип, 40 мүнөттөн кийин кайрылып келип таппай калган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун тургундары жана милиция кызматкерлери эс алууга келген Россия жаранынын жоготуп алган документтерин жана акчасын таап алып, кайтарып берди. Бул тууралуу аталган дубандын милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, 5-июль күнү Балыкчы ШИИБине Россиянын Белгород облусунун Новый Оскол шаарынын тургуну Вячеслав Андреев кайрылган.

"Турист милицияга Тамчы айылына эс алууга бара жатып, Боом капчыгайындагы "Кызыл көпүрө" участкасында борсеткасын унутуп таштап кеткен. Ал 40 мүнөттөн кийин кайра келип таппай калганын айткан. Кол баштыктын ичинде паспорт, айдоочулук күбөлүк, автоунаанын техникалык паспорту, ошондой эле 20 миӊ рубль, 15 миӊ тенге жана 16 миӊ сом (баары биригип 40 200 сом) болгонун билдирген", — деп айтылат маалыматта.

Церемония награждения многодетных матерей президентом Сооронбаем Жээнбековым - Sputnik Кыргызстан
Президент Москвада капчык ээсин 8 саат күткөн мигранттын апасын сыйлады. Фотофакт
Кийинчерээк жоголгон буюмду жергиликтүү тургундар таап алып, Тоӊ райондук милиция бөлүмүнө жеткирип бергени белгилүү болду. Акча менен буюмдарды ээсине кайтарып берүү үчүн милиция кызматкерлери Тамчы айылына келгенде, туристтин Чолпон-Ата шаарына кеткенин айтышкан.

Аталган факты боюнча жайкы туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту сактоого тартылган бардык милиция кызматкерлери кабарланып, анын жайгашкан жерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлө баштаган. Бир суткадан кийин туристтик милициянын кызматкерлери жоголгон буюмдун ээсин таап, документтерин жана акчасын толугу менен кайтарып беришкен.

Турист Андреев милиционерлердин мындай кадамына абдан таң калуу менен ыраазычылыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0