Россиядагы кыргыз мигранттары үчүн жаңы сайт ачылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовОткрытие сайта для мигрантов www.elchi.ru
Открытие сайта для мигрантов www.elchi.ru - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сайттан мекендештер өздөрүнө керектүү маалыматтарды, документтерди таап, консулдуктан сапаттуу укуктук кеңештерин ала алышат.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчисинин жаңы блогу катары www.elchi.ru маалыматтык сайты ишке кирди. Анын бет ачары Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Москва шаарында мекендештер менен жолугушуусунда болду.

Элчиликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, сайттан мекендештер өздөрүнө керектүү кабарларды, документтерди таап, консулдуктун сапаттуу укуктук кеңештерин ала алышат.

"Элчи менен пикир алышууга Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык коомдук уюмдардын лидерлери, аксакалдар, илимий-чыгармачыл интеллигенция, дарыгерлер, студенттер, жеке ишкерлер, ошондой эле ЖМКнын өкүлдөрү келишти", — деп айтылган маалыматта.

Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Аманбай Кайыпов жана район акимдери Москва шаарына Нарын коомунун чакыруусу менен барып, Теңир-Тоо аймагын өнүктүрүүнү талкуулап жүрөт - Sputnik Кыргызстан
Мигранттар мекенге кам көрүп. Нарын жетекчилиги Москвада ишкерлер менен жолукту
Жекшенкулов аларга кыргыз-орус кызматташуусун бекемдөө боюнча милдеттерди ишке ашыруу үчүн элчилик тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун соңунда Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын активисттерине ыраазылык каттар тапшырылган. Маалыматта сыйлангандардын эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө салым кошкону, маданий-гуманитардык, спорттук иш-чараларга активдүү катышкандыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0