Ысык суунун тарифи өзүн-өзү актабайт

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКрандан агып жаткан суу. Архив
Крандан агып жаткан суу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жетекчинин айтымында, гелиоколлекторлорду орнотуу менен атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүшү жана чыгымдар азаят.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Ысык суунун тарифи өзүн-өзү актабайт, башкача айтканда, белгиленген сумма кеткен чыгымдын 30 пайызын гана жабат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэриянын алдындагы "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын жетекчиси Виктория Мозгачева билдирди.

Мозгачева жылуулук түйүндөрдүн кышка даярдыгы тууралуу кеп кылып, ысык суу берген заманбап гелиоколлектор аттуу жабдуу жөнүндө айтып берди.

Гелиоколлекторду орнотуу аталган ишкананын экологиялык долбоору болуп эсептелет. Бул жабдыктар күндөн алынган энергиянын жардамы менен керектөөчүлөрдү ысык суу менен камсыз кылат. Гелиоколлекторлорду орнотуу менен атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүшү жана чыгымдар азаят.

"Азыр ысык сууга белгиленген тарифтер кеткен чыгымдын 30 пайызын гана жабат. Калганын шаардык бюджет камсыз кылат. Гелиоколлекторлор — экологиялык долбоор. Ал жети айга чейин абаны булгабастан калаа тургундарын ысык суу менен камсыз кыла алат", — деди Мозгачева.

"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын жетекчиси аталган жабдуулар заманбап экенин айтып, аны оператор смартфон менен эле башкара турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0