Акбар Кубанычбеков: Мирбекке "Мурас" ырын жазганым үчүн 2000 доллар таптым

© Фото / из личного архива Акбара КубанычбековаАкын Акбар Кубанычбеков
Акын Акбар Кубанычбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акбар Кубанычбеков жаш акындардын арасынан топ жарып чыгып, эл оозуна алына баштады. Чыгармаларын сүйүп окуган күйөрмандары бир гана Кыргызстанда эмес, АКШда дагы бар экен. Жакында эле ал АКШнын Чикаго шаарындагы мекендештерге ыр кечесин тартуулап келди.

Мындан сырткары Акбар Кубанычбеков Мирбек Атабеков баштаган бир топ ырчыларга ыр жазып берет. Акындын хит болгон чыгармаларынын бири — Атабековдун аткаруусундагы "Мурас" ыры.

Акын, тамада, мугалим, алып баруучу, айтор, көп кырдуу талант ээси менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева маектешти.

— Жакында эле АКШга барып, ыр кечеңизди өткөрүп келиптирсиз. Ошол тууралуу кеп салсаңыз?

— Буга чейин АКШдагы мекендештер социалдык тармак аркылуу "келип ыр кече өткөрүп, черибизди жазып кетпейсизби" деп жазып калышчу. Эң биринчи сунуш Чикаго шаарындагы мекендештерден түштү. Анын үстүнө ал жакта кыргыздар көп экен, бала-чакасы менен 10 миңдей бар го. Өзүм Бишкектеги эл аралык мектепте кыргыз тилинен да сабак берем. Окуучуларым бир долбоордон утуп алып, АКШга барыш керек болуп калды. Ошентип эки коёнду бир ок менен аттым. Чикагого барып, поэзияга суусаган мекендештерге ыр окуп, комуздун коштоосунда ырдап да келдим. Барсам, акын эжейибиз Бурулкан Карагулова, ырчы Сыймык Бейшекеев дагы бар экен. Сыймык байке ал жакта комуз ийримин ачыптыр. Туугандар жакшы тосуп алышты. Кече ортодогу бир сааттык танаписти кошкондо кечки саат 19:30да башталып, саат 23:30да бүттү. Ыр китеп, дисктерди алып баргам, бирин калтырбай сатып алышты. Айтор, купулума толду.

— Мекендештер жылуу кабыл алган турбайбы?

— Ооба. Кудага барганда түштөндүрөт го, ошол сыяктуу улам бири үйүнө чакырып мейман кылышты. Бирок мен шаарды көрсөтүңүздөр деп сурандым.

— Чикагодогу кыргыздардын жашоосу тууралуу да айтып бересизби? Эмнеси менен эсиңизде калды?

— Ал жактагы мекендештердин көбү чоң фураларды айдашат экен. Нукура кыргызча кафелер да ачылыптыр. "Бай" деген кыргыз кафеси бар экен. Ички жасалгасы уук, кереге, бешбармак, гүлчөтай сыяктуу тамак-ашы кудум Кыргызстанда жүргөндөй таасир калтырды. Туугандарыбыздын пейили кенен экен. Ал эми шаардын өзү башка кеп.

© Фото / из личного архива Акбара КубанычбековаАкбар Кубанычбеков Мирбек Атабеков баштаган бир топ ырчыларга ыр жазып берет. Акындын хит болгон чыгармаларынын бири — Атабековдун аткаруусундагы "Мурас" ыры.
Акбар Кубанычбеков: Мирбекке Мурас ырын жазганым үчүн 2000 доллар таптым - Sputnik Кыргызстан
Акбар Кубанычбеков Мирбек Атабеков баштаган бир топ ырчыларга ыр жазып берет. Акындын хит болгон чыгармаларынын бири — Атабековдун аткаруусундагы "Мурас" ыры.

— "Бир күн", "Мен эмес" деген сыяктуу ырларыңыз күйөрмандардын жүрөгүнөн түнөк тапты. Жаш болсоңуз да чыгармаларыңыздын мааниси терең. Акын болуп калууңузга бир нерсе түрткү болгон чыгаар?

— 7 жашка чейин ата-энемдин жумушуна байланыштуу Нарын облусунун Ат-Башы районунда чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойдум. Биринчи классты бүткөндө Бишкекке ата-энеме кайттым. Калаага келгенде чоочун үйгө келип калгансып жаман болуп, чоң ата, чоң энемди, айылды, Ат-Башымды сагынып атып эле акын болуп кеттим окшойт. Акын болуп калышыма сагынуу, кусалык чоң себеп болду. Мындан сырткары Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы мектепте окучумун. Ал жактан жылда акынды эскерүү кечеси уюштурулуп, мен Токтогулдун образын ойночумун. Анын ырларын окуп, уйкаштыктарын алып, айылга, энемдерге арнап ыр чыгара берчүмүн. Алгачкы ырымды Токтогул Сатылгановго арнап жазгам. Анда мен 5-класста элем.

— Бала кездеги кыялыңыз кандай эле? Акын болуп калам деп ойлочу белеңиз?

— Жок. Бала кезде ар кайсы кесипти эңсей берет эмессиңби. Анын ичинде ырчы да болгум келчү. Ошол ырчы болом деген кыял акындыкка алып келди окшойт.

© Фото / из личного архива Акбара КубанычбековаАкбар Кубанычбеков жаш акындардын арасынан топ жарып чыгып, эл оозуна алына баштады. Жакында эле ал АКШнын Чикаго шаарындагы мекендештерге ыр кечесин тартуулап келди
Акбар Кубанычбеков: Мирбекке Мурас ырын жазганым үчүн 2000 доллар таптым - Sputnik Кыргызстан
Акбар Кубанычбеков жаш акындардын арасынан топ жарып чыгып, эл оозуна алына баштады. Жакында эле ал АКШнын Чикаго шаарындагы мекендештерге ыр кечесин тартуулап келди

— Шоу-бизнестин өкүлдөрүнө да көп ыр жазып берет экенсиз. Обондуу ырларыңыз көп окшойт. Алгачкыларын айтып берсеңиз?

— Студент кезимде улуураак эле ырчыларга бир-эки ыр жазып берсем, мени баласынтып өздөрү автор болуп алышкан. Ошол учурда аябай ызалангам, бирок талашкан эмесмин.

Биринчи мага катталган чыгарма ырчы Бекчоронун аткаруусундагы "Рахмат сага" деген ыр. Ошол ырды жазып бергенде, ал: "Акбар, эми сага ыр жаздырганга көп ырчылар келе баштайт", - деп айтты эле. Айткандай эле кийин шоу-бизнес өкүлдөрү кезекке тура баштады. Азыркы тапта бардык ырчылар менен иштешем.

— Бир ырды канча сомго жазасыз?

— Бекер жазып бер деп сурангандар да болгон, бирок ар бир эмгек бааланышы керек. Башында ырларымдын баасы 200-300 сом менен эле башталган. Азыр бир семиз койдун баасына чыкты. Кээ бири ишиме ыраазы болгондо андан деле көп берип коёт.

— Акындардын автордук укугу канчалык деңгээлде корголгон? Интернет, телевидение, радиодо жаңырганы үчүн акы төлөнөбү?

Дарыгер, акын, сүрөтчү жана режссер Ибадылла Аджибаев - Sputnik Кыргызстан
Аялым "мени же кинону танда" деди... Тасма тарткан дарыгер Аджибаев менен маек
— Азыр адамдын эмгеги баалана баштады. Тынчтык Кожобековдун арты менен ырчы, акын, обончулардын укугу корголуп, Кыргызпатент кызматы ар кимдин акысын чыгарып бере баштады. Бул мекеме башында ыр жазып бергеним үчүн бир жылда 3000 сом чыгарып берсе, кийинки жылы 13 миң сом алгам. Былтыр 75 миң, быйыл 2000 доллар колума санап беришти. Буга чейин казакстандык достор "Акбар, ырчыларга жазып берген ырларың 200-300гө жетти окшойт, ал үчүн миллиондогон сом алышың керек" деп айта беришчү. Акырындап төлөп берип жатышат. Көрсө, буга чейин система иштечү эмес экен.

— Быйыл 2000 доллар алсаңыз, анда бул сиздин ырларыңыз хит болуп жатканынан кабар берет да?

— Быйыл Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мурас" ыры үчүн сумма көбөйдү окшойт. Аябай хит болбодубу.

— "Мурас" ырын сиз жаздыңыз беле?

— Ооба. Ал чыгарма эки жыл мурда эле жазылган. Атабековдун талантына ушу "Мурас" ыры жаралып жатканда күбө болдум. Көрсө, ал ар бир чыгарманы элге тартуулар алдында дыкат даярданат экен. "Мурас", "Бай болгом" деген ырларынын обондору 2-3 жыл мурда эле даяр болгон. Анан ырчы ага ылайыктуу сөз издеп, майын чыгармайынча жүрө берерине күбө болдум. Айрымдар "эмнеге Атабеков ырдаса эле хит болот" деп көрө албай айтышы мүмкүн. Көрсө, ал чыгармасына баладай мамиле кылып, болгон күчүн, эмгек, энергиясын жумшайт экен. Мисалга алсак, "Мурас" деген ырды кеминде 30 жолу жаздырган. Анан 30дун ар бирин 3-4 сыйрадан ырдап чыгат. Үйдө болобу, унаада болобу ырдап жүрө берет экен, кичине бир жери туура келбесе кайра жазабыз. Айтор, бир жылга чукул иштедик окшойт. "Бай болгом" деген ырынын теңин да мен жазып бергем. Чыгарма азыркы саясий абалга туура келип калган менен ал 2-3 жыл мурда эле жаралган. Биринчи куплет менен кайырмасын өзү жаратып, калганын мага жаздырган. Обонун да эбактан бери эле ойлоп жүргөнүн айткан.

— Көп иштешкен ырчыларыңыздын арасында дагы кимдер бар?

— Акыркы учурда Мирбек Атабеков менен көп иштешип жатам. 10го чукул ыр жазып бердим окшойт, айрымдары чыга элек. Буга чейин Султан Садыралиев да көп кайрылчу. Андан сырткары Динара Акулова, Нурмат Садыров, Жони деген ырчыларга көбүрөөк чыгарма жаратып бердим.

© Фото / из личного архива Акбара КубанычбековаАкбар Кубанычбеков: чоң ата, чоң энемди, айылды, Ат-Башымды сагынып атып эле акын болуп кеттим окшойт.
Акбар Кубанычбеков: Мирбекке Мурас ырын жазганым үчүн 2000 доллар таптым - Sputnik Кыргызстан
Акбар Кубанычбеков: чоң ата, чоң энемди, айылды, Ат-Башымды сагынып атып эле акын болуп кеттим окшойт.

— Кыргыз тилчи мугалим болуп да иштейт экенсиз. Бул кесип да энергияны көп талап кылат эмеспи, башка жумуштарыңызга жетишесизби?

— Азыркы учурда Бишкектеги эл аралык мектептердин биринде кыргыз тилден сабак берем. Ал жакта жалаң элчи, чоңдордун балдары окуйт. Башында англис тилин билбесем, кыргызча билбеген балдарга кантип грамматикасын түшүндүрөм деп кабатыр боло берчүмүн, бирок тез эле көнүп кеттим. Англис тилинде өз оюмду жеткире алам, балдар менен иштешкен жагат. Окуучуларым кыргызча сүйлөп калса сүйүнөм. Мектепте 1-2-3-күндөрү иштеп, 4-5 күндөрү Коомдук биринчи каналда иштейм. Дем алыш күндөрү болсо тойго чыгып, тамада болом.

— Мектепте айлык акыңар канча?

— Төрт-беш койдун баасы (жылмайып).

— Мугалим болуп туруп тамада болгонду кандай көрөсүз?

— Эми бул деле айла жоктун иши да. Ток жүрөйүн, өз жаныма тың болоюн, элден калбайын, чөнтөгүмдө акча болуп турсун деп эле тамада болгом. Бул жумушту студент кезде эле баштагам. Андан бери тогуз жыл өтүптүр. Баш-аягы 500дөй той алып бардым окшойт. Кээде тажаганда "болду, тамада болбойм" деп таштап салган учур болду. Бирок, кийин ойлосом, бул деле баарына бериле бербеген өнөр экен. Жөн жаткыча кыбырап акча таба берейин деп иштеп кеттим.

© Фото / из личного архива Акбара КубанычбековаАкбар Кубанычбеков: башында ырларымдын баасы 200-300 сом менен эле башталган. Азыр бир семиз койдун баасына чыкты.
Акбар Кубанычбеков: Мирбекке Мурас ырын жазганым үчүн 2000 доллар таптым - Sputnik Кыргызстан
Акбар Кубанычбеков: башында ырларымдын баасы 200-300 сом менен эле башталган. Азыр бир семиз койдун баасына чыкты.

— Көпчүлүккө тамаданын жумушу жеңилдей сезиле берет. Келип беш саат иштеп 500дөн 1000 долларга чейин таап кетишет деп айткандарын угуп жүрөбүз. Чын эле ушундайбы?

— Негизи "эркек деген көп сүйлөбөйт, өз орду бар, орду менен сүйлөйт" деген нерсе мага жагат. Бирок тамада болгондо анын баарын четке кагып, эл алдына чыгып аларды күлдүрүп, маанайын ачыш үчүн сүйлөш керек. Кээде жүрөгүм ооруп кетет. Беш саат эл алдында бир туруп клоун болуп, бир туруп күлдүрүп, айтор, актёр болосуң. Беш саат той болсо, конок күткөндөр менен 10 саат сүйлөшөсүң. Ар кандай адамдар чыгат, ошонун баарына чыдап, сабырдуу болушуң керек. Ар бир тойдун түйшүгү бар.

— Бир тойду канча сомго алып барасыз?

— Бекерден 500 долларга чейин.

— "Шайыр апалар" деген жакшы берүүнү алып барат экенсиз. Апалар менен иштешүү кызык болсо керек.

— Бул долбоорго алып баруучу болуп калганым өзүнчө кызык окуя. Ат-Башыда чөп чаап жүрсөм долбоордо иштеген эжелер чалып, кошумча студияда алып баруучу болосуң деп калышты. Ал берүүдө негизи сахна, анан кошумча студия деп эки алып баруучу керек экен. Буга чейин телевидениеде иштегим келип барганда үнүң жакпайт, жүзүң туура келбейт деп албай коюшкан да. Көксөп жүргөн нерсем көктөн түшүп, дароо эле макул болдум. Үч сааттык эфир болсо, ошонун 5 эле мүнөтүнө чыкмакмын. Ошого да ыраазы болуп атайын костюм тиктирип, аябай даярдангам. Барсам башкы студияда алып баруучу боло турган Мирхамид Токтогул аэропортко баратып кырсыктап, башы чайкалып, келбей калыптыр. Уюштуруучулар 3 сааттык башкы эфирге сен чыгасың дешти. Коркуп, сүрдөп атып араң алып баргам. Той алып барган башка, иш-чараларды алып баруу этикасы такыр башка экен. Режиссёрлор аябай урушканы эсимде. Андан кийин каталарды кайталабай калдым. Бул долбоордун арты менен жети дубанды кыдырдык. Апалардын энергия, талантына баа бердим. Алар менен иштешүү абдан кызык.

© Фото / из личного архива Акбара КубанычбековаАкбар Кубанычбеков: Азыркы учурда Бишкектеги эл аралык мектептердин биринде кыргыз тилден сабак берем. Ал жакта жалаң элчи, чоңдордун балдары окуйт.
Акбар Кубанычбеков: Мирбекке Мурас ырын жазганым үчүн 2000 доллар таптым - Sputnik Кыргызстан
Акбар Кубанычбеков: Азыркы учурда Бишкектеги эл аралык мектептердин биринде кыргыз тилден сабак берем. Ал жакта жалаң элчи, чоңдордун балдары окуйт.

— Ата-энеңиз кайсы кесиптин ээси?

— Атам - милициянын полковниги. Апам болсо Кыргыз улуттук агрардык университетинде мугалим.

— Чоң ата, чоң энеңиздин көзү тирүүбү?

— Ооба, уйкудан көзүмдү ачарым менен ошол адамдарга чалып, ал-ахывалын сурайм.

— Ырчыларга хит ырларды жазып берип жатасыз, өзүңүз да жеке концертиңизди берүүнү ойлогон эмес белеңиз?

— Кичинекей кезимен бери филармония же спорт ордосуна өзүмдүн жеке концертимди берсем деп кыялдана берчүмүн. Быйыл ошону ишке ашырайын деп жатам. Бир саат ырларымды окуп берип, андан кийин мен жазган, хит болгон ырлар жаңырса деп ойлоп атам.

Жаңылыктар түрмөгү
0