Опера жана балет театрын гүлдөткөн! Марклен Баялиновдун жасаган иштери

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүБлокнотко жазып жаткан адам. Архив
Блокнотко жазып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Опера жана балет театрынын жетекчиси болуп турганда ал жактан СССРдин эл артисттери - Болот Миңжылкыев, Кайыргүл Сартбаева, Хусейин Мухтаров, Токтонаалы Сейталиев, Айсулуу Токомбаева, Чолпонбек Базарбаев сыяктуу опера жана балет искусствосунун чыгаан жылдыздары өсүп чыккан.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Марклен Баялинов Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Бул тууралуу президенттин аппараты тараткан көңүл айтуу катында белгиленет.

Эске салсак, кыргыздын белгилүү жазуучусу Касымалы Баялиновдун уулу Марклен Баялинов 5-июлда узакка созулган оорудан 86 жашында дүйнөдөн кайткан.

Марклен Баялинов 1933-жылы 15-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Ал Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийин 1955-жылдан баштап, Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинде инспектор, начальниктин орун басары, искусство иштери боюнча башкармалыктын жетекчиси катары эмгек жолун баштаган.

1970-1972-жылдары Кыргыз ССРинин маданият министринин биринчи орун басары, 1972-жылдан 1984-жылга чейин Кыргыз ССРинин Мамлекеттик кинематография комитетинин төрагасы болуп иштеген.

1965-жылдан 1970-жылга чейин, кийинчерээк 1984-жылдан 1985-жылга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын башкы директору кызматын аркалаган. 1985-1989-жылдары Кыргыз ССРинин Маданият министрлигин жетектеген.

Өчпөс эмгек

Тажыяда гүл кармаган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы дүйнө салды
"Саманчынын жолу" либреттосун жаратып, 1975-жылы бул эмгеги үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынын негизинде "Манкурт" балети Марклен Баялиновдун жазылган либреттосунун негизинде Улуттук опера жана балет театрында коюлган.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрын жетектеген учурда 20дан ашык опера, 25тен ашык балет спектаклдерин жараткан. Опера жана балет театрынын жетекчиси болуп турганда ал жактан СССРдин эл артисттери - Болот Миңжылкыев, Кайыргүл Сартбаева, Хусейин Мухтаров, Токтонаалы Сейталиев, Айсулуу Токомбаева, Чолпонбек Базарбаев сыяктуу опера жана балет искусствосунун чыгаан жылдыздары өсүп чыккан.

Марклен Баялинов маданият министри кезинде Москва, Ленинград, Тбилиси, Кишинев, Ташкент шаарларындагы чоң театрлардын гастролдук иш-чаралары үзгүлтүксүз уюштурулуп, республика маданий иш-чарага толуп турган. Жазуучунун уулу ардактуу эс алууга чыккан убагында кыргыз элинин макал-лакаптарын чогултуп орус тилине которуп, жыйнак кылып чыгарган.

Марклен Баялинов Кыргыз ССР Жогорку Советинин үч жолку чакырылышына депутат болуп шайланган. Анын мамлекет алдында кылган эмгеги жогору бааланып, Эмгек Кызыл Туу ордени жана бир нече медалдар менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген ардактуу наамына татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0