Дааратканадан көрө калган саясатчы ай-буйга келбей качты. Журналисттен ачык маек

© Sputnik / Досхан НусупбековSputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Бакыт Толканов маек учурунда
Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Бакыт Толканов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки ай мурун журналист Бакыт Толканов ашыкча салмактан арылуу боюнча эксперимент жасоого белсенген. Анын шарапаты менен кесиптешибиз социалдык медиа колдонуучулар арасында дароо таанылды. Бакыт менен арыктоо аракети тууралуу кесиптеши Светлана Федотова маек курду.

Бакыт Толкановду адегенде окурмандарга тааныштыра кетүүнү эп көрдүк. Салмактан арылуудан башка дагы Толканов эмне менен алек экенин бирге билели.

— Сизди республикабызга болгон ар кыл өлкөнүн президенттеринин иш сапарын чагылдырууга көп жиберишет. Путинди, Си Цзиньпинди теледен эмес, жакындан көргөнсүз. Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда кайсы окуя жадыңызда калды?

— Бир жолу тааныш журналист өкмөт үйүнүн дааратканасынан министрлерден үч пикир жаздырып алганын айтып калды. Андан көп өтпөй эл аралык деңгээлдеги кезектеги иш-чарада ири аткаминерлердин бири менен дааратканада бет келишип калдык. Бир маанилүү маселе боюнча дал ошол кишинин пикири керек эле.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн арасында ошол күнү жалгыз жигит журналист мен элем, даараткана эксклюзивдүү маек алууга эң ылайык жай экенин жогоруда айткан кесиптешимдин тажрыйбасы көрсөткөн. Ошол жерден кыска маек алууга камынып калдым. "Кечиресиз..." деп эле чөнтөгүмдөгү үн жаздыргычты издеп калсам, оюна эмне келгенин билбейм, ниетимди түшүнүп-түшүнбөй туруп эле шашыла чыгып кетти. Артынан чуркай чыктым, башка кесиптештерим да байкап калышты. Ошентип акырында баарыбыз ынтымакташа ал кишинин пикирин тыңдадык. Бирок эксклюзивдүү маек болбой калды.

© Sputnik / Досхан НусупбековSputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Бакыт Толканов
Дааратканадан көрө калган саясатчы ай-буйга келбей качты. Журналисттен ачык маек - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Бакыт Толканов

— Экономикалык кабарларды да жазасыз, азыр биздин сомдун абалы кандай? Валюталык рыноктогу божомолдор жакшы элеби, доллардын куну өсөбү?

— Бул суроону Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго узатканыңыз оң, бирок экөөбүздү окшоштургандар көп (күлүп). Жеке байкоомдо, рубль менен теңге арзандай баштаса, сомдун кунуна да таасир этпей койбойт. Биздин экономикабыз өтө чакан, ал эл аралык да, аймактык да окуялардан көз каранды. Ошондой эле Кыргызстанда расмий курс өзгөрүлмө (калкыма) экенин эстен чыгарбайлы, башкача айтканда, талап менен сунуштан көз каранды. Дегеле, экономика темасы биздин өлкөбүз үчүн өтө чоң мааниге ээ, бирок, тилекке каршы, саясат ардактуу орунду ээлеп алган.

— Журналист катары 8 жылдан бери эмгектенип келесиз. Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү сатылма деген пикир бар. Айтыңызчы, сизге пара сунуштаган учурлар болду беле?

— Белгилүү бир темага материал жарыялоону сунушташкан, "чайга чакырабыз", "жакшылыгың жерде калбайт", "капа кылбайбыз", "рахматын айтабыз" деп кеп улагандар болгон.

— Белгилүү бир сумма сунуштагандарчы?

— Дароо баш тартчумун, сүйлөшүүбүз так бир сумма атоого дейре жетчү эмес.

© Sputnik / Досхан НусупбековТолканов ашыкча салмак менен күрөшүү кандай болгонун айтып берди
Дааратканадан көрө калган саясатчы ай-буйга келбей качты. Журналисттен ачык маек - Sputnik Кыргызстан
Толканов ашыкча салмак менен күрөшүү кандай болгонун айтып берди

— Кайсы бир макаладан кийин сизди социалдык медиада коркутуп киришкенине күбө болгом. Мындайга көп кабыласызбы? Социалдык медиадагы кыжыр кайнаткан билдирүүлөр чыныгы көйгөйгө айланып кеткени болду беле?

— Эки жыл мурун интернетте Мьянмадагы кырдаал кызуу талкууга алынып калды. Бир аз сабырдуу болууга үндөгөн серепчилер менен баарлашкам. Себеби социалдык медиага тараган сүрөт, тасмалардын көбү жасалма болчу. Кимдир бирөө атайылап кырдаалды курчуткандай. Бул туурасында жазып чыкканбыз, бирок айрым окурмандар макаланы негедир рохинжаларга каршы багытталгандай кабылдашты. Кечке маал сайтка жарыялап, чарчаган боюнча үйгө кеткем. Шайым ооп, дароо уйкуга кетипмин, интернетти караганга деле алым келген эмес. Эртеси таңда ишке кечигип бараткам, сарсанаа болгон кесиптешим чалып, "тирүүсүңбү?" деп суроо салат. Албетте, мага андай көңүл бурулганына кубандым. Бирок социалдык медиага баш багып, өз дарегиме коркуткан, каргап-шилеген билдирүүлөрдү окудум. Алардын баары интернет айдыңында сакталып калды. Негизи мени жеке пикирлерим үчүн социалдык медиада көп жемелешет, ошондуктан андайга кол шилтеп коём. Албетте, эгер жөндүү сын айтылса, анда өзүмдү оңдоого тырышам.

— Жакында эле сиз кызыктуу эксперимент баштап, Facebook баракчаңызда ашыкча салмактан арыла турганыңызды жар салгансыз. Алтургай, белге чейин жылаңачтана сүрөткө да түшкөнсүз. Мындай кадамга барыш кыйын эле болгондур? Аракетиңизден майнап чыктыбы? Бул эксперименттен кандай бүтүм чыгардыңыз?

— Соңку жылдары толгондон толуп эле бараттым, эки эмес, үчүнчү кат ээк пайда боло баштаган. Арыктоого убакыт өткөн сайын эрким жетпей калышы мүмкүн экенин, ал эми байлаган казым чоңоё берерин түшүндүм. Камерага чечинүү менен артка чегинүүгө мүмкүн болбой калды, баштаган соң аягына чыгууга туура келди. Бул да мага кошумча шык берди. Майнап чыктыбы дейсиз да! Азыр салмагым 67 килограммга түштү, башта 78 болчу. 9 килограммдан ашык салмактан арылдым. Албетте, модель болуп калган жокмун, бирок алдаканча арыктадым. Пресс, жерден түртүлүү, отуруп-туруу өңдүү көнүгүүлөрдү да жасадым. Бирок аларды туура эмес жасаганым үчүн бир топ күндү текке коротконума кыжырым келди. Көп өтпөй күнөө өзүмдө экенин түшүнүп, ишти билген киши менен кеңешип, баарын туура аткара баштадым.

© Фото / Бакыт ТолкановБакыт Толканов эки айда 78 килограммдан 67 килограммга чейин арыктаган
Дааратканадан көрө калган саясатчы ай-буйга келбей качты. Журналисттен ачык маек - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Толканов эки айда 78 килограммдан 67 килограммга чейин арыктаган

Эксперимент мага үч нерсени үйрөттү. Биринчиси — тартип, көнүгүүнү мен түн бир оокумда жасай баштайм. Экинчиден, өзүңдү өзгөртүү менен жашооңду алмаштырууга болорун, ага укмуш күч деле талап кылынбайт экен. Үчүнчүдөн, буга киришерден мурун көнүгүүлөрдү туура жасоо тууралуу машыктыруучу менен алдын ала кеңешип алуу зарыл. Майлуу, ачуу, таттуу жана куурулган тамакты жебей калдым, газдалган суусундук менен ичимдик ичпейм. Cheat meal — режимди пландоо менен бузуу, ушул системага өттүм, эрктүү болууга жардам берип, зат алмашууну тездетет. Мурда көнүп калган тамактарды, маселен, шаурмага азыр көп деле табитим тартпайт. Анын татымал, кычкылы кишини тартып турчу, ал эми эттин жытын деле сезбей калдым.

Баса, мындай жүрүм-турум сарамжалдуу дагы келет экен. Мурда отуруштарда бир жарым же эки миң сом коротсом, азыр 500 сомдун тегерегинде эле сарптайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0