Премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы дүйнө салды

© Sputnik / Табылды КадырбековТажыяда гүл кармаган адамдар. Архив
Тажыяда гүл кармаган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министрдин апасы Жеңилдик Абылгазиева 85 жашта болчу.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы көз жумду. Аны өкмөттүн маалымат кызматы тастыктап берди.

Ага ылайык, премьердин энеси Жеңилдик Абылгазиева оорудан улам 85 жашында дүйнө салган. Ал Бишкекте Мухаммедкалый Абылгазиевдин колунда болчу.

Өкмөт башчынын апасынын сөөгү Кочкор районунда 9-июль күнү жерге берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0