Чоң-Алайда эл жапкан жол жарым сааттан кийин ачылды

© Фото / Зульфия ТургуноваПерекрытие дороги Ош — Чон-Алай
Перекрытие дороги Ош — Чон-Алай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жерде милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. 

ОШ, 7-июл. – Sputnik. Чоң-Алай районунда жергиликтүү жашоочулар алтын өндүрүүчү "Кайди ТИК" компаниясынын ишмердүүлүгүнө нааразычылык билдирип, Ош-Чоң-Алай жолун жапкан. Бул маалыматты облустук милициянын маалымат катчысы  Жеңиш Аширбаев айтты.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЧоң-Алай районунда жергиликтүү жашоочулар алтын өндүрүүчү "Кайди ТИК" компаниясынын ишмердүүлүгүнө нааразычылык билдирип, Ош-Чоң-Алай жолун жапкан
Чоң-Алайда эл жапкан жол жарым сааттан кийин ачылды - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алай районунда жергиликтүү жашоочулар алтын өндүрүүчү "Кайди ТИК" компаниясынын ишмердүүлүгүнө нааразычылык билдирип, Ош-Чоң-Алай жолун жапкан

Анын билдиргенине таянсак, окуя кечээ  саат 11:30 чамасында болгон.

Маалыматка ылайык, буга чейин жергиликтүү жашоочулар аталган компаниянын жетекчилигинен канал куруп берүүнү талап кылган. Мунун себеби калк  "үч айылдын эли ичкен сууну компания  уулуу заттар менен булгап жатат, андыктан ар кандай илдеттерге чалдыгуу кооптуулугу бар" дешкен. Алтын өндүрүүчү компания жетекчилиги жашоочуларга канал салууну убада кылып, 2019-жылдын 5-июлунда канал курулуп бүтүп, пайдаланууга берилген.

"Бирок жашоочулар каналдын астын бетондоп берүүнү талап кылып, жолду жапкан. Милиция кызматкерлери жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринен соң жол кайрадан  саат 12:00дө ачылды. Компания жетекчилиги каналдын астын  бетондоп берүүгө убада кылды. Мындан сырткары, компания сууну жеткирүү үчүн лоток орнотууну да ойлонуп жатат", - деди Аширбаев.

Ал кошумчалагандай, нааразычылык акциясында эч кандай мыйзам бузуу катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0