Психологдор бактылуу болуунун сырын ачышты

Жазылуу
Дүйнөлүк психологдордун башы бириккен конгрессте психологиянын 30 багыты боюнча талкуу жүргөн.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бактылуу болуу үчүн адам турмуштук кыйынчылыктар менен маңдай жарган кубанычтын ортосундагы тең салмактуулукту сактоону үйрөнүшү керек. Мындан тышкары, бакытты жападан жалгыз максат кылуу болбойт. Бул тууралуу дүйнөлүк психологдордун пикирине таянуу менен РИА Новости жазды.

Адистердин европалык конгресси Россияда 2-5-июль күндөрү өткөн. Сурамжылоого катышкан философия жана психология илимдеринин доктору Рафаэла Калати бактылуулук маселеси бүгүнкү күндө өтө маанилүү экенин айтып берди.

"Тирүү басып жүргөнүң, сүйгөн иш менен алектенгениң — ошол бакыт. Бактылуу болуу үчүн адам башка түшкөн кыйынчылык менен чоң кубанычтын ортосундагы балансты сактоону үйрөнүшү керек. Жашообуздагы өзгөртүүгө мүмкүн болбогон жагдайларды, айлана-чөйрөнү ошо бойдон кабыл ала билүү, жакшы нерселерди көрө билүү — бул бакыттын ачкычы", — деген психолог.

Планеты солнечной системы - Sputnik Кыргызстан
Адамзаттын 50 жылда планетаны кандай өзгөрткөнү иликтенди
Ал эми ЮНЕСКОнун алдындагы Психологиялык илимдердин эл аралык бирикмесинин президенти Сазасивэн Купер өсүп келе жаткан муундун бактылуу болуу үчүн көп нерсени өзгөртүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

"Биз бул суроого көп нерсе өзгөртүүгө кудурети жете турган жаштарды карап жооп бере алабыз. Бактылуу болуш үчүн адамдан өзүн тааный билгени, артыкчылык-кемчилигин баамдай алышы, бактылуу болууга жардам берчү адамдарды табуусу өтө маанилүү", — деди ал.

Россиялык психолог, психология илимдеринин доктору Дмитрий Леонтьев бакыт адамдын алдына койгон жападан жалгыз максаты болбошу керек деген пикирде.

"Бактылуу болуу бирден-бир көздөгөн максатка айланганда ал бизден тайып кетет. Муну дүйнөлүк философия эбак түшүнгөн. Бакыт ага умтулган кишилерге эмес, башка нерсе менен алек болгон адамдарга келет", — деди Леонтьев.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк психологдордун башы бириккен конгрессте психологиянын 30 багыты боюнча талкуу жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0