Чала тааныш адамдын мээсин чакпа! Мессенджер колдонуу этикети

© Фото / Pixabay/ terimakasih0Телефон колдонуп жаткан кыз жана бала. Архив
Телефон колдонуп жаткан кыз жана бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө WhatsApp, Telegram, Facebook Messenger, Instagram Direct сыяктуу мессенджерлерди колдонбогон киши чанда кездешет.

Ишибиздин баарын ушулар аркылуу бүтүрөбүз. Атургай орус окумуштуулары адам баласынын тарыхында азыркыдай көп жазуу жана кат алышуу болгон эмес деп жатышат.

Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бири-бириңердин жеке убактыңарды уурдабагыла! Үй-бүлө этикети
Мындан улам мессенджерлер жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калганын аңдасак болот. Демек, аны колдонуу боюнча өз тариби, эрежеси дагы калыптанып калган кез.

Интернет аркылуу баарлашуу маданияты боюнча РИА Новости агенттигинин "Үн билдирүүлөр эмнеге кыжырыбызды келтирет?" деп аталган макаласынын негизинде кеңештерди даярдадык. Мындан тышкары, макалага этикет мугалими Нуржан Исмаилованын пикирлери кошулду.

Үн билдирүү

Үн билдирүү айрым адамдардын кыжырын келтирет. Анткени аны угуу дайыма эле ыңгайлуу эмес. Бирок андан дагы чала тааныш адамдар ортосунда "сый" мамилени сактоо деген түшүнүк бар. Тагыраагы, жаңы эле таанышкан, иш боюнча кайрылып жаткан адамга үн билдирүү жөнөтүү туура эмес. Бирок сиз кайрылып жаткан адам өзү сизге алгач үн билдирүү жөнөтсө, анда жолуңуз ачык. Ал эми үй-бүлө мүчөлөрүнө, эң жакын досторго каалаганча жибере бериңиз. Бир гана шарт — үндүн сапатына көңүл буруу керек. Мисалы, катуу музыка жаңырып жаткан жерде же транспорт шуулдап каттаган көчөдө жазылган үн билдирүү кандай угуларын өзүңүз жакшы билесиз.

Билдирүүнүн мындай түрү аны укчу кишиге гана эмес, жиберген адамга дагы терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн. Анткени кээ бир кишилер үн билдирүүнү көргөндө эле анан угам деп кийинкиге калтырып коёт дагы унутуп калат. Демек, маанилүү бир нерсе айткан болсоңуз, аны эч качан билбей дагы калышы мүмкүн.

Тайпа маданияты

Традиции по приему гостей в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Чай ичпей калдым деп таарынба... Өлгөнгө баруу этикети
Мессенджерлерде тайпалардын түрү болот эмеспи. Туугандар, достор, кесиптештер, коңшулар, айтор, санай берсе түгөнбөйт. Керек болсо бир иш-чараны уюштуруу үчүн дагы атайын тайпа ачып алабыз. Үй-бүлө жана жакын достордун пайдасына эч тийишпейбиз, ал жакта эмне кылсаңар өз эркиңер. Бирок башкаларында кадимкидей эрежелерден чыкпаш керек. Мисалы, бир же эки адам менен гана сүйлөшкүң келсе, алардын жеке өзүнө жазыңыз. Силерден башкага кызыксыз маселе менен тайпадагылардын башы оорубашы керек. Ошондой эле өтө зарыл гана маселе болбосо, дем алыш күндөрү жана жумуштан кийин жазбай эле койгон туура. Баса, тайпага жарнамаларды, фейк жаңылыктарды ыргыта берген адамды эч ким жакшы көрбөйт.

Катасыз жаз

Катасыз жазганга аракет кылгыла. Ал эми жаштар арасында кеңири колдонулган "кандайс", "оа" деген сыяктуу сөздөрдү байтааныш адам менен же жумуш боюнча байланышып жаткан учурда колдонбой эле койгон туура.

Смайлик

Кээ бирөөлөр смайлик колдонууда оголе чектен чыгып кетет. Ар бир сүйлөмдүн аягына коюп, керек болсо сөзү жок эле "эмоцияларын" гана көрсөткөндөр бар. Бул адаттан кичине оолакташ керек. Ал эми кызматтык кат алышууларга смайлик колдонууга негизинен уруксат берилбейт. Качан гана маектешиңиз өзү смайликтерди колдоно баштаганда бул тууралуу сиз дагы ойлонсоңуз болот.

Өзүн тааныштыруу керекпи?

Кол алышып жаткан офис кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өөп-жыттап жибербе! Кеңседе конок тосуу этикети
Социалдык тармактардын мессенджерлеринен жазып жатканда профилден көрүп алат деген ой менен кайсы ишканада иштей турганыбызды жазбай калабыз. Ал эми билдирүүнү окуп жаткан адамдын сиздин баракчаңызды карап, кайда иштериңизди көрүп чыгууга убактысы же мүмкүнчүлүгү жок болуп калышы ыктымал. Андыктан алгач өзүн толук тааныштыра кетүү туура.

Бир сөз менен токтоп калбаңыз

Бейтааныш адамга кайрылганда, учурашкандан кийин сөзсүз эмне маселе менен жазып жатканыңызды түшүндүрүү шарт. Анткени айрымдар "Салам!" деген бойдон токтоп калат. Көпчүлүк адамдар, өзгөчө аял киши мындай билдирүүлөргө жооп бергиси келбейт. Себеби түшүнүктүү болсо керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0