Көлдөгү эки адамдын атылышы. Кандуу окуя болгон жердин сүрөттөрү

Жазылуу
Алардын ичинде полдогу кандын, ооруканада бара жатып, автоунаада көз жумган жарандын сүрөтү бар.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Эки киши өлтүрүлүп жана бир аял барымтага алынган аңчылардын "Хан-Теңири" лагеринен алынган сүрөттөрдү маалымат булактары Sputnik Кыргызстан агенттигине жөнөттү.

© Фото / источники в правоохранительных органахЭки киши өлтүрүлүп жана бир аял барымтага алынган аңчылардын "Хан-Теңири" лагеринен алынган сүрөт
Көлдөгү эки адамдын атылышы. Кандуу окуя болгон жердин сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Эки киши өлтүрүлүп жана бир аял барымтага алынган аңчылардын "Хан-Теңири" лагеринен алынган сүрөт

Алардын арасында лагердеги бөлмөнүн ичи, каза болгон кишинин сөөгү, полго тамган кандын, ооруканага бара жатып, автоунаада көз жумган жарандын сүрөтү бар.

Эске салсак, 2019-жылдын 4-июлунда Ак-Суу райондук нөөмөт бөлүмүнө Сырт өрөөнүндөгү Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" аңчылык лагердин башчысынын 49 жаштагы орун басарын жана 31 жаштагы кызматкерин атып кетишкени боюнча маалымат түшкөн. Экөөнөн тышкары ошол эле жердеги дагы бир кызматкер ок чыгарган адамдын колунан бычак жегени жана 48 жаштагы аял барымтага алынганы айтылган. Бирок аял аман-эсен бошонуп чыккан.

© Фото / источники в правоохранительных органахЭки киши өлтүрүлүп жана бир аял барымтага алынган аңчылардын "Хан-Теңири" лагеринен алынган сүрөт
Көлдөгү эки адамдын атылышы. Кандуу окуя болгон жердин сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Эки киши өлтүрүлүп жана бир аял барымтага алынган аңчылардын "Хан-Теңири" лагеринен алынган сүрөт

Кийин бул иштерге шектүү делип лагердин кароолчусу, Түп айылынын 29 жаштагы тургуну изделе баштаган. Айылдаштары анын Түп районунун Тогуз-Булак айылында чоң энесинин колунда өскөнүн, мындан башка бир катар маалыматтарды айтып беришкен.

Ысык-Көл облустук ИИББдин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" аңчылык лагеринде эки адамды атты делген жаран табыла электигин жана издөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0