Резиденциянын жанында... Автоунаада уктап калган инспекторлор жазаланды

Жазылуу
Борбор калаада кайгуул кылган автоунаада уктап калган автоинспекторлордун видеосу тараган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгы автоунаада уктап калган кызматкерлерди жазалады. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Борбор калаада төбөсүндөгү жарыгы күйүп-өчүп иштеп турган кайгуул автоунаасында уктап калган автоинспекторлордун видеосу социалдык тармакка тараган. Анда тартып алган киши тук этип жаткандарды ойготууда. Видеодо автордун мамлекеттик резиденциянын жанында кантип уктоого болот деген маанайдагы суроосу угулуп турат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Болот Ибрагимов SFR (@bolotibragimov)

"Ал окуя боюнча иликтөө жүргүзүлүп, инспекторлордун кызматын жана аларга коюлган талаптарды татыктуу аткарбаганы аныкталды. Бул үчүн милициянын старшинасы Ж.Б менен милициянын прапорщиги С.Т катуу сөгүш алды", — деп билдиришти аталган ведомстводон.

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын взводунун жетекчиси, милициянын майору У.Б. эскертүү алган.

Буга чейин да Ысык-Көл облусунун аймагында иштеген автоинспектордун жөнөкөй жарандан анын мыйзам бузуусун элге жарыялаба деп жалбарып жаткан видеосу коомго жайылып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0