10:07 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Детский уролог, хирург Бакыт Жданов осматривает пациента

Балдар урологу, хирург Жданов: сүннөткө отурам деп жигиттер көп келет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Таалайгүл Усенбаева
2210 0 0

Бакыт Жданов — балдар урологу, хирург. Күн сайын ага балдарын отургузуу үчүн 10-20дай ата-эне келет. Атургай убагында отургузулбай калган жигиттер, 40-50 жаштагы кишилер да кайрылат экен.

Эркек баланы сүннөткө отургузуу керектиги айтылып келет. Бул нерсени баланын кайсы курагында жасатса жакшы, сүннөткө отурбаган адамды кандай оорулар тоорушу ыктымал? Ушул жана башка керектүү суроолорго Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгери Бакыт Жданов жооп берди.

— Сизге балдарын отургузууга көп ата-эне барарын угуп калабыз. Бир күндө канча баланы кабыл аласыз?

— Ар кандай. Кыргыздарда негизи жазында, анан күзүндө отургузабыз деген түшүнүк калыптанып калган. Ошол мезгилдерде бул маселе менен күнүнө 20-30дан бала келет. Биздин ооруканада мен эле эмес, башка да хирургдар бар, алар дагы бала отургузат.

— Кышында же жайында отургузса болбойбу? Эмне себептен эл ичинде мындай түшүнүк калыптанып калган?

— Медицинада жазында же күзүндө деген эреже жок. Болгону жаз, күз мезгилдери салкын болот эмеспи, ошого карашса керек.

Детский уролог, хирург Бакыт Жданов в рабочем кабинете
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бакыт Жданов Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгери. Күн сайын ага балдарын отургузуу үчүн 10-20дай ата-эне келет. Атургай убагында отургузулбай калган жигиттер, 40-50 жаштагы кишилер да кайрылат экен.

— Уулумду дарыгерлер наркоз бербей эле отургузуп коюшканын билем. Аябай ыйлап, кыйналган. Негизи наркоз берилип же убактылуу ооруну басаңдатуучу ийне сайылабы?

— Биздин ооруканада көбүнчө убактылуу ооруну басаңдатуучу ийне сайылат. Башкача айтканда, үрптү ала турган жерге эле ийне сайып коёбуз. Жалпы наркоз өтө коркок, ыйлаак гана балдарга берилет. Негизи бөбөктөрдүн 95 пайызына уктатпай эле жасайбыз.

— Баланы канча куракта отургузуу туура? Айрымдар ымыркай жаңы төрөлгөндө эле үрпүн алдырып салышат экен...

— Илгери көбүнчө үч жаштан кийин отургузушчу. 3, 5 жаш туура деп эл арасында айтылып калган. Бирок динде да, медицинада да андай эреже жок. Качан шарты болсо, ошондо отургуза берсе болот. Башкысы — балакатка же сегиз жашка чыккыча кестиргени туура. Уулдарын жаңы төрөлгөндө да отургузгандар бар. Эгер баланын ден соолугу жакшы болсо, ымыркайды жети күндөн бир айга чейинки убакытта отургуза берсе уруксат. Бирок гемоглобини аз, салмагы жетпеген наристелерди коё эле турган оң. Ошондой эле бала бир айдан өтүп кетсе, анда бир жаштан кийин эле кестирген туура.

— Эмне үчүн?

— Бир айдан кийин ымыркай эт ала баштайт. Бул учурда аны отургузуу кыйын болуп калат.

— Баланы канчалык эрте отургузса ар кандай жыныстык оорулардан оолак болот деп уктук эле...

— Эрте отургузгандын жакшы жери жараат эрте бүтөт. Жаңы төрөлгөн баланын киндиги кандай тез түшсө, ал да ошондой бат бүтүп калат. Териси да жука болот. Эрте кестирсе ириңдебейт, учу кызарып фимоз, баланопостит деген сыяктуу ар түрдүү илдеттерден оолак болот. Бирок 7-8 жашка чейин кестирсе деле кеч эмес.

Детский уролог, хирург Бакыт Жданов осматривает пациента
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Балдар урологу: баланын ден соолугу жакшы болсо, ымыркайды жети күндөн бир айга чейинки убакытта отургуза берсе уруксат. Бирок гемоглобини аз, салмагы жетпеген наристелерди коё эле турган оң. Ошондой эле бала бир айдан өтүп кетсе, анда бир жаштан кийин эле кестирген туура.

— Мурда кайчы, бычак менен эле отургузуп коюшчу эмес беле. Азыр башка аппараттар чыгыптыр. Алардын артыкчылыктары тууралуу айтып бересизби?

— Убагында кайчы, лезвие менен отургузган туура деп эле эсептелчү. Операцияларды деле бычак, скальпель менен жасачубуз да. Азыр электр бычактар чыкты. Аны менен кескенде канын бат токтотуп, баланы бушайман кылбай тез бүтүп калат.

Аны эл ичинде лазер деп коюшат. Ата-энелерге айтып кетерим, азыр бардык аймактарда хирургдар жетиштүү. Колдон келсе ооруканага барып, тажрыйбалуу хирургдарга кайрылгыла демекчимин. Үй шартында отургузгандардын көбү кансырап же жабылып калып кайра келишет.

— Айрымдары ата-энеси балдары кичине кезинде кандайдыр бир себептер менен бул парзын аткара албай калышат экен. Дегеним, чоңоюп калган кишилер деле бул маселе менен кайрылабы?

— Союз убагында кээ бир аймактарда балдарды толугу менен отургузбай "кан чыгарып коелу" деп учуна бычак эле тийгизип коюшчу экен. Ошентип көбүнүн үрпү толук алынбай калган. 2000-жылдан 2010-жылга чейин ошондой үрпү алынбай калган көп жаш жигиттер, кишилер кайрылышты. Алардыкына бычактын эле учу тийген, башы ачылбай калган. Кийин ал эр жеткенде кыйналып, башкалардыкын көрүп анан кайрыла башташты. 20-25-30 жаштагы жигиттер, кишилер өтө көп келди. Такыр эле отургузулбай жүргөндөн көрө кеч болсо да кайрылыш керек. Үрп алынганда ал жерде инфекция да турбай калат. Бизге 20-30дагы кишилер эле эмес 60тан ашып калган абышка да кайрылган. "Жаш эмессиз, жөн эле койбойлубу" десек, "жок дегенде кудайдын алдына ак, таза барайын" деп келиптир. Көрсө ал интернатта чоңоюптур, кийин деле үрпүн алдыруу оюна келген эмес экен.

Детский уролог, хирург Бакыт Жданов осматривает пациента
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дарыгер: Азыр электр бычактар чыкты. Аны менен кескенде канын бат токтотуп, баланы бушайман кылбай тез бүтүп калат. Аны эл ичинде лазер деп коюшат.

— Балдардын гигиенасы боюнча да айтып бересизби?

— Негизи баланы отургузганга чейин үрпүн бөлүп-бөлүп акырындан ачып туруш керек. Антпесе анын ичине инфекция толо берип ириңдеп кетиши ыктымал. Айрымдары ыйлайт деп коркуп аны жасабай жүрө беришет. Аябай корксо, дарыгерге алып келсе деле алар ачып берет. Үрпүн ачып турса аны отургузуу да жеңил болот. Ал эми бир айга чейин отургузулган ымыркайлардыкын дароо ачып, этин кесип салат.

— Айрым кичине балдар бат-баттан заара кыла берсе, кээ бири күнү бою заара кылбай жүрө берет. Кээ бир ата-эне "суук тийди" деп койдун майын сүйкөп койгон учурларды да көрүп жүрөбүз. Бул эмнеден болушу мүмкүн?

— Жалаң эле суук тийгенден бала бат-бат заара кылып калышы мүмкүн эмес. Кээ бири компьютер, телефон көп карагандан ошентсе, айрымдары коркуп, түшүнөн чочуган учурда да тез-тезден ажатканага барып калат. Инфекция киргенде да ошондой белги бериши мүмкүн. Айтор, себебин жөн эле айтып коё албайбыз. Эгер баласы бат-бат заара кылып калса, ата-эне бир сыйра дарыгерге көрсөтүп, текшертип койсо ашыкча болбойт.

Тема боюнча

Аборттон ичеги-карды чубалган кызды көрүп үрөй учту. Дарыгер менен маек
Баланын кыркы чыккыча үйдөн чыкпай коюу туура эмес. Дарыгер менен маек
Белгилер:
маек, сүннөткө отургузуу, бала, дарыгер, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ