ИИМ чагымчыл маалыматтарды тараткандарды жазалайт

© Sputnik / Табылды КадырбековТелефон колдонуп жаткан адам. Архив
Телефон колдонуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик акыркы учурда аймак аралык касташууну тутантууга багытталган маалыматтар көп таркатылып жаткандыгын белгилейт.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Интернет айдыңында чагымчыл материалдарды тараткан кыргызстандыктар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ведомство акыркы учурда аймак жана улут аралык касташууну тутантууга багытталган маалыматтар WhatsApp жана башка социалдык түйүндөр аркылуу көп таркатылып жаткандыгын белгилейт.

"ИИМ жана анын бөлүмдөрү мындай материалды тараткандарды тактоодо. Жарандарды чагымчыл маалыматтарды WhatsApp жана башка социалдык тармактар аркылуу жарыялоодон алыс болууга чакырабыз. Андай фактыларга күбө болсоңуз 102 номери аркылуу ички иштер органдарына билдириңиз. Мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен бошотпойт", — деп жазылган маалыматта.

Мекеменин маалымат кызматы Жазык кодексинин 313-беренесине ылайык (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу), аталган мүнөздөгү маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын баса белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0