Жесир калган аяшымды аяп жүрүп сүйүп калдым... Эркектин каты

CC0 / TheVirtualDenise / Сейилдеп жүргөн үй бүлө. Архив
Сейилдеп жүргөн үй бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында аяшына арзып жүргөн кишинин каты жарыяланмакчы.

...Эки жыл мурун жакын досум 35ке чыкпай оорудан каза болуп калды. Бир кызы бар эле, азыр ал беш жаштан өттү.

Төшөктө жаткан досумду сурап барып калсак, "үй-бүлөмө каралаша жүр" дегени жүрөгүмдө калыптыр. Көзү өткөндөн кийин анын аманатын аткарайын деп бат-баттан үйүнө барып азык-түлүк, тамак-ашын ташып, батиринин акчасын төлөштүм.

Досум эле иштечү, аяшым кызын карап үйдө эле. Батири да өздөрүнүкү болбогондуктан боорум ооручу.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүлөлүү эркектен боюмда болуп калды… Алданган кыздын каты
Өзүмдүн чакан бизнесим бар, акчам кудайга шүгүр кенен болгондуктан бул үй-бүлөдөн эч нерсе аяган жокмун. Жубайым менен аяшым жакшы сүйлөшүп катышкандыктан, ал-абалын сурап тез-тез бара берчүбүз. Кызы да көп баргангабы, мага аябай жакын. Ошентип жардам берип, аяшымды аяп жүрүп аны кантип жакшы көрүп калганымды билбей калдым.

Досумдун келинчеги оор басырыктуу, токтоо, ар нерсени орду менен сүйлөгөн жакшы адам. Барган сайын анын өзүн алып жүргөнүн, чыдамкайлыгын көрүп баа берчүмүн. Андан кийин эле ага байланып, көргүм келип, жактыруу сезимдери пайда боло баштады.

Өзүм 38 жаштамын, аялым экөөбүз тең ишкерлик кылабыз. Бирок көптөн бери балалуу боло албай жүрөбүз. Жубайым деле тарсылдаган, ачык-айрым жакшы адам, бирок азыр бассам-турсам аяшым көз алдымда, оюман кетпейт.

Жактырып жүргөнүмдү аялым да, аяшым да билбейт. Билсе эмне болорун элестете албайм. Аяшым бизден дароо алыстап кетиши ыктымал. Ошол себептен чыдап, ичтен сызып жүрөм. Ушинтип жүргөнүмө жарым жылга чукулдады. Башында өтүп кетер деп ойлогом, жок, тескерисинче, сезимдерим күчөдү.

Азыр аяшым тигүү цехине жумушка кирген. Бир ирет ага дүкөн ачып берүүнү сунуш кылсам "соодага жокмун" деп койду. Ишенесиздерби, аны эч кимге ыраа көрбөйм, атургай кызганам. Теңтуштар болуп отуруп калганда аны да сөзсүз жаныбызга алып алабыз. Ошондо дос балдар кучактап же жакшы сүйлөп койсо, каным кайнап кетет. Ошол себептен да өзүм карап турайын деп дүкөн ачып берүүнү сунуш кылгам. Иши кылып бул 40 жашта башыма келген сүйүүбү же жөн эле байлануубу, билбейм. Эч нерсеге карабай алып алгым келет. Антсем аялымчы, жашыбыздан бирге болгон аны да таштап кете албайм. Досумдун ата-энесичи, аларга өлгөндүн үстүнө көмгөн болобу деп корком. Бирок аяшымдын жанында күйөөсүнүн досу эмес, жолдошу катары жүрүүнү эңсечү болдум. Кызын өз кызымдай багып алат элем...

Гүлнара Жасоолова, психолог:

--Кат жазган киши жакшылап ойлонсун. Сезимине алданып, кийин тилин тиштеп калбагыдай болушу керек. Чындыгында кээде ушундай аео, боор ооруган сезим жакшы көрүүгө, сүйүүгө өтүп кетет. Жазган катына караганда бул киши чындап эле аяшын жакшы көрүп калгандай. Ошентсе да жашы кыркка келип калыптыр. "Сүйдүм" деп баарын таштап басып кеткендей жаш бала эмес. "Жети өлчөп бир кес" деген жакшы сөз бар. Мындай учурда сезимден да акылды биринчи кезекке койгон туура.

Пожилая пара в Газебруке - Sputnik Кыргызстан
Карыганда күйөөм кызганып, балдардын ДНКсын текшертти. Айласы кеткен аялдын каты
Бизнесим бар, аялым экөөбүз чогуу иштейбиз дейт. Бул деңгээлге деле өзү жалгыз жетип калган жок да. Аялы төрөп бербесе да анын ишкерлигинин түптөлгөнүнө убагында ден соолугуна карабай салым кошкондур. Жубайы балалуу боло албай жаман болуп жүрсө, ага кошул-ташыл күйөөсү аяшына кетип калса ал үчүн чоң стресс болот. Муну да эске алганы дурус. Ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүргөн жубайды сыйлаш керек. Башканы өлүп-талып сүйгөн учурда да аны аяган жакшы. Жубайы атайын балалуу болбой жаткан жок да. Эгер экөөнүн ортосунда сый болсо, аялы бул кишиге жакшы мамиле жасап көзүн карап турса, анда сезимди экинчи кезекке койгон дурус.

Эгер бул үй-бүлөнүн оту күйүшпөй бара жатса, анда башка маселе. Кандай болгон учурда да сөзсүз психолог менен бетме-бет отуруп сүйлөшүүнү сунуштайм. Ачык калган суроолор бар.

Кат жазган кишиге айтарым, аяшыңыздын сизге жасаган мамилесин да байкаңыз, бирок көп бара берүүнүн кажети жок. Азыр бул сиздин ичиңизде гана кайнап жаткан сезим. Аны сыртка чыгаруудан мурда абалды байкаңыз. Жубайыңыз менен болгон мамилени дагы бир жолу кылдаттык менен анализдеп чыгыңыз. Аяшыңыздын жашоосуна баш-отуңуз менен кирип кетүүнүн кажети жок. Үй-бүлөнүн бузулушу мамлекет бузулганга барабар, аны кайра калыбына келтириш оңой эмес. Ошондуктан ойлонуңуз!

Жаңылыктар түрмөгү
0