Көлдөгү лагерде атылган эки кызматкердин бири жерге берилди. Кылмышкер изделүүдө

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүТокойдо жүргөн адам. Архив
Токойдо жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгондордун бири Каракол шаарында жерге берилди, экинчисинин сөөгүн Ош облусуна алып кетишкен.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" аңчылык лагеринде эки адамды атты делген жаран табыла элек. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИББдин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, учурда укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

"Бардык постторго изделип жаткан жаран тууралуу маалымат жиберилди. Укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде иштеп, атайын операциясы уланууда. Каза болгондордун бири Каракол шаарында жерге берилди, экинчисинин сөөгүн Ош облусуна алып кетишти", — деди Усубакунов.

Каргаша тууралуу

Пляж пансионата Аврора на Озере Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө туристтердин коопсуздугуна коркунуч жок. ИИМдин билдирүүсү
Эске салсак, 4-июлда Ак-Суу райондук нөөмөт бөлүмүнө Сырт өрөөнүндөгү Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" аңчылык лагердин башчысынын 49 жаштагы орун басарын жана 31 жаштагы кызматкерин атып кетишкени боюнча маалымат түшкөн. Экөөнөн тышкары ошол эле жердеги дагы бир кызматкер ок чыгарган адамдын колунан бычак жегени жана 48 жаштагы аял барымтага алынганы айтылган. Бирок аял аман-эсен бошонуп чыккан.

Кийин бул иштерге шектүү делип лагердин кароолчусу, Түп айылынын 29 жаштагы тургуну изделе баштаган. Айылдаштары анын Түп районунун Тогуз-Булак айылында чоң энесинин колунда өскөнүн, мындан башка бир катар маалыматтарды айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0