Кыргызстанда ашканадан тамактануу канча турат. 15 жылдын графиги

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАшкана. Архив
Ашкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түшкү тамактын баасы 2013-2014-жылдары кескин өскөн.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук статистика комитети 2003-жылдан бери ашканаларда сатылган түшкү тамактын баасы канчалык өзгөргөнү боюнча маалыматтарды жарыялады.

Ага ылайык, баалар бир кишиге берилчү тамакка карата эсептелген. Ошол эле учурда менюсу так көрсөтүлгөн эмес.

Эң арзан учур 2005-жылга туура келет. Бул жылы 40 сомго түштөнүп алса болчу. Ал эми 2018-жылы бир киши орто эсеп менен түштөнүүгө 330 сом короткон.

2019-жылдын биринчи кварталында бир кишинин түштөнгөн тамагынын баасы 327,7 сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0