Кыргызстандык зыяратчылар үчүн кошумча 500 квота бөлүндү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин падышачылык Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Сауд Аравия кыргызстандык зыяратчылар үчүн кошумча дагы 500 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

"Квоталар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын суранычы менен жүзөгө ашырылган. Эми ал Улуттук статистика комитетинин берген маалыматынын негизинде калктын санына жараша район, айыл өкмөттөргө ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб тарабынан бөлүштүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Келин — кайнененин күңү эмес. Диний ишмер мусулман бүлөсүндөгү көйгөйлөр тууралуу
Муфтияттан билдиришкендей, 2019-жылы 500 АКШ долларын төлөп, ажылыкка баруу үчүн каттоого алынып, бирок кезек күтүп турган жарандар эми аймактык кезек боюнча ажыга барууга мүмкүнчүлүк алышты. Эми алар 3000 доллардан калган 2500 долларды РСК банкына 2019-жылдын 8-июлуна чейин төлөшү керек.

Эскерте кетсек, буга чейин Сауд Аравия Падышачылыгы Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн. Эми жалпы келген квотанын саны 6010ду түздү.

Быйылкы зыяратчылардын алгачкы тобу 17-июлга караган түнү саат 3.45те Бишкектен Мекке шаарына учуп кетет. Жалпы жонунан 18 каттам каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0